Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

ИИМ: Каракчылык кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалды


Бул кылмыштуу топтун курамында ИИМ Академиясынын 4-курсунун курсанты да болгон. Министрликтин маалыматы боюнча аталган кылмыштуу топ Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында каракчылык менен алектенип, көптөн бери карматпай жүргөн. Аларды 28-сентябрда Бишкектен Чүй облусунун милиция кызматкерлери колго түшүргөн.

Милициянын маалыматында айтылгандай, учурда алардын кеминде төрт кылмышка тиешеси бар экени аныкталды.

Апрел айында бул топтун мүчөлөрү Балыкчы шаарынын жашоочусунун үйүнө кирип, аны сабап 880 миң сомун алып кеткен. Кийинчерээк ошол эле Балыкчыда дагы бир үйгө кирип, андагы жаш балдарды байлап коюп, сейфтеги акча, кымбат баалуу буюмдарды тоношкон. Августтун аягында Кочкордо таламандын так түшүндө бир тургундун үйүн карактап кетишкен. Ал эми сентябрдын ортосунда Аламүдүн районунун тургуну түнкү саат экилер чамасында беткап кийген бирөөлөр үйүнө кирип, коркутуп, акча талап кылышканын милицияга билдирген.

Кылмыштуу топтун алты мүчөсү тең 22-23 жашта. Бардыгы Балыкчы шаарынын тургундары. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу азырынча алардын аты-жөнү ачык айтылган жок.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын үстүнөн “каракчылык”, “тоноо” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG