Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:53

Исаев: Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү 90 депутат демилгеледи


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында “Конституцияга өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо” жөнүндө мыйзам долбоор тууралуу баяндама жасаган “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев билдирди. Анын айтуусунда, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча алгач 84 депутат демилгечи катары чыгып, кийин алты эл өкүлү кошулган.

Исаев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча төрт "тегерек стол" өткөрүлүп, 60 концептуалдык кайрылуу болгонун кошумчалады. Ошондой эле атайын эксперттик топ иштеп, келген сунуштар эске алынганын “Кыргызстан” фракциясынын лидери белгиледи.

Буга чейин оппозиция Баш мыйзамга өзгөртүү маселеси боюнча талкуулар өтпөгөнүн сындаган. Буга байланыштуу “Референдумга - жок” аттуу кыймыл түзүп, референдумду өткөрүүгө каршы жана учурдагы чакырылыштагы парламентти таратуу боюнча жарандар арасында кол топтоону баштаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG