Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Түркиядан жүк ташыгандар кыйналды


Жүк ташыган автоунаалар
Жүк ташыган автоунаалар

Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушу, эл аралык саясий, экономикалык олку-солку мамилелер эпкини Түркиядан Бишкекке жүк ташыгандардын ишин кыйын абалга кептеди.

Түркиядан экспорттолгон жүктөр автоунаа же болбосо учак аркылуу Кыргызстанга жеткирилет. Жүк ташуучу автоунаа менен келген товардын жол чыгымы арзан түшкөнү менен убарасы көп.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулганы, орус учагынын атып түшүрүлүшү, эл аралык экономикалык оош-кыйыштар сыяктуу себептерден улам Түркиядан Кыргызстанга оор автоунаа менен жүк ташыган фирмалардын абалы кескин начарлаган.

Логистика фирмасынын жетекчиси Каныбек Осмонов бул маселе тууралуу пикирин төмөндөгүчө билдирди.

Каныбек Осмонов
Каныбек Осмонов

- Мурункудай жүктүн көлөмү жок, 2015-2016-жылы абдан түшүп кетти. Мурда бир нече фураны топтоп жөнөтчүбүз, азыр бир канча фирма менен биргелешип бир фураны араң толтуруп жатабыз. Кыргызстан ЕАЭБга киргенден бери бажы төлөмдөрү да кымбаттады. Мындан тышкары орус учагынын Түркияда атылып түшүрүлүшүнүн кесепети да бизге тийди. Себеп дегенде, Түркиядан жолго чыккан түрк товарлары төрт жол менен Кыргызстанга жетет: Түркия-Грузия- Орусия- Казакстан-Кыргызстан, Түркия- Украина- Орусия- Казакстан-Кыргызстан, Түркия-Украина-Беларус-Орусия-Казакстан-Кыргызстан, Түркия- Иран-Түркмөнстан-Тажикстан-Кыргызстан. Кыргызстанга кеткен оор автоунаалар үчүн эң кыска анан кирешелүү жол Грузия аркылуу кеткен багыт эле. Орусия чек арасын жаап, автоунааларды өткөрбөй бизге көп кыйынчылык жараткан. Азыр эми чек аралар ачылды, бирок текшерүүлөр дагы эле уланууда. Бул жүктөрдү Кыргызстанга жеткирүү убактысын узартып, биз чыгым тартып жатабыз.

Тонналаган жүктөрдү күндөп-түндөп Кыргызстанга жеткирген айдоочулардын да абалы оңой эмес. Жаныбек Суранчиевдин жүк ташуучу автоунаа айдаганына төрт жылдан ашты. Чек арадагы түйшүктөр аны бир топ кыйнаган экен. Чек арадагы, бажыканалардагы ыксыз текшерүүлөрдөн тажаган Жаныбек буларга токтолду.

Түркиядан жүк ташыган айдоочулар
Түркиядан жүк ташыган айдоочулар

- Чек арада жаңы эрежелер киргизилгенден бери, кыргызстандык жүк ташуучу машиненин баарын кошумча текшерүүгө токтотуп жатышат. Грузиядагы Түндүк Осетия аймагынан Орусияга өткөн жерде, Казакстандын Актау портунда да абдан кыйнашууда. Ал жерлерде акча төлөп жатабыз, натыйжада жүктүн баасы кымбаттап кетти. Кардарларга жеткенде товар мурдагыдан кымбат болуп калып жатат.

Жаныбектин айтымында, Кыргызстандан Түркияга оор унаа менен бир жумада жетсе болот. Чек ара маселесинен тышкары айдоочуларды жол шарттары да кооптондурат. Өзгөчө кыш айларында ашуулар кыйла опурталдуу. Тажрыйбалуу айдоочу саясаттагы тирешүүлөрдүн эпкини ириде аларга тиерин айтып отурду:

- Кыргызстанга алыскы өлкөлөрдөн жүк ташыган бизге окшогон айдоочулардын коопсуздугун, амандыгын эч ким деле ойлоп койбойт. Ар кимибиз өзүбүз үчүн тобокел деп иштеп жүрөбүз. Эч кимден колдоо таппайбыз, бирок айла жок. Анысы аз келгенсип токтоткон жердин баарына акча төлөшүбүз керек. Кыргызстанга ташылган жүктүн көлөмү мурдагыдан кыйла азайды. Жүк ташып бергенибиз үчүн бизге төлөнчү акысын да азайтып жатышат.

Кыргызстандан Түркияга экспорттолгон товарлар төө буурчак, пахта жана алтын болсо, Түркиядан кездеме, кийим-кечек, курулушка керектүү материалдарды алабыз.

2015-2016-жылдары Түркиядан Кыргызстанга сатылган товарлардын негизги бөлүгүн кийим-кечек, кабелдер, автоунаа тетиктери түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу кездеме жана кийим-кечектердин экспорту бир жарым миллион долларга көбөйгөн. Орто эсеп менен жылына 500 тоннадай түрлүү буюм-тайымды Стамбулдан Бишкекке 25 оор жүк ташуучу машине ташыйт. Ишкерлердин көз карандысыз уюмдары билдиргендей, орус-түрк алакасы бузулгандан кийин кыргыз-түрк соода-сатыгы 40%га чейин төмөндөгөн.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы эң алгачкы соода келишимине 1991-жылы 29-майда Анкарада кол коюлган. Бул келишимдин негизинде эки өлкө ортосунда соода-сатык башталган. Түркиянын Экономика министрлигинин статистикасы боюнча, 2002-жылы эки өлкө ортосундагы соода 42 миллион долларга жакын болсо, бул көрсөткүч 2012-жылы 303 миллион долларга жеткен.

Түркияга каттаган айдоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG