Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:02

Жети-Өгүздө кароосуз балдарга үй ачылды


Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында ата-энеден кароосуз калган балдар үчүн үй-бүлөлүк шарттагы турак-жай ишке кирди. Бул үй мамлекеттин буйрутманын негизинде Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан ачылды.

Бир айдын ичинде ата-эненин кароосунан алыстагандардан 11 бала социалдык мекемеге кабыл алынып, медициналык кароодон өттү. Ошондой эле балдар мектепти калтырбай бара баштады.

Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, балдар үйүндөгүлөрдүн ата-энелери издөөгө алынгандан баштап, эки баланын үй-бүлөсү табылып, үйүнө кайтарылып берилди. (SDz) 

 

XS
SM
MD
LG