Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Атамбаев Башкы штаб жетекчисин кабыл алды


Дүйшөнбиев менен Атамбаев.
Дүйшөнбиев менен Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы штабдын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алып, өлкөнүн куралдуу күчтөрүн чыңдоо, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маалыматтарды укту. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Дүйшөнбиев мамлекеттик чек араны коргоону күчөтүү иш-чаралары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле аскердик башкаруунун борбордук органынын ишмердиги, куралдуу күчтөрдүн азыркы талаптарга жооп бере турган түзүмдөрүн түзүүгө байланышкан маселелер талкууга алынды.

Президент чек арачылардын мобилдүүлүгүн мындан ары арттыруу зарылдыгын белгиледи. (SDz)

XS
SM
MD
LG