Роман Сущенкого тыңчылык боюнча расмий айып тагылганын, бирок ал күнөөсүн моюнуна албаганын бүгүн анын адвокаты Марк Фейгин билдирди.
“Укринформ” жаңылыктар агенттигинин Париждеги кабарчысы Роман Сущенко жашыруун маалыматтарды чогулткан деген шек менен Москвада 30-сентябрда кармалган.
Москванын соту 1-октябрда аны эки айга камоого буйрук берген.
Украин тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мариана Бетсанын маалымдаганына караганда, алар Орусиянын Киевдеги консулуна нота тапшырып, украин расмий өкүлдөрү эмне үчүн Сущенко менен жолуктурулбай жатканы боюнча түшүндүмө талап кылышты. (UE)