Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Лавров: АКШнын кадамдары улуттук коопсуздукка шек келтирет


Сергей Лавров
Сергей Лавров

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ Орусиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата турган “агрессивдүү кадамдарга” барып жатканын мамлекеттик “Биринчи каналга” берген маегинде билдирди.

“Бул жөн гана риторикалык русофобия эмес, биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга терс таасирин тийгизип, биздин коопсуздугубузга коркунуч жараткан агрессивдүү кадамдар”,-деди Лавров.

Министр буга АКШнын орус чегине жакын аймактардагы аскердик аракеттерин, Чыгыш Европага ракетадан коргонуу системасын жөнөткөнүн жана Украинадагы окуялар боюнча Москвага санкциялар жарыяланганын жүйө келтирди.

АКШ Орусиянын Сириядагы аракеттерин сынга алып, эки тарап ок атышпоо келишими боюнча мунаса таба албай келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG