Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Турдукулов: бийликтин кысымы күчөдү


Жарандык активисттер 13-октябрда эл аралык нормалардын негизинде саясий туткундарды коргоо форумун түзгөнүн жарыялады.

Бишкектеги талкуу учурунда саясий негиз менен абакта отургандарды, куугунтукка кабылгандарды коргоо боюнча резолюция кабыл алынды. “Сөз эркиндигин коргоо комитети” уюмунун төрагасы Адил Турдукуловду “Азаттык” кепке тартты.

“Азаттык”: Форумду өткөрүүгө эмне түрткү болду?

Адил Турдукулов: Бул аргасыз кадам. Буга чейин митинг уюштурганбыз. Эң негизги багыт – саясий куугунтукту топ-топко бөлбөй, бирдиктүү бир кыймыл түзүү менен алардын укугун толук коргоого багытталган.

Форумда бийликтин системалуу түрдө репрессиялык ыкма колдонуп жатканы айтылып, эгер биз сырттан карап тура берсек эртеңки күнү сыйыртмак ар бирибиздин моюнубузга илиниши ыктымалдыгы айтылды.

"Азаттык": Саясий куугунтукка кабылды дегендер кимдер?

Адил Турдукулов: Быйыл эле үч чоң топтун өкүлдөрүн камашты. Алар: Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов. Андан кийин Марат Султанов, Бекболот Талгарбеков баштаган “Элдик парламент” уюмунун өкүлдөрү, Элдик курултай кыймылынын башчысы Дастан Сарыгулов да камакта.

Ошол эле маалда бул уюмдарга кирип, жыйындарга активдүү катышкандарга карата ишинде же болбосо бизнесинде тоскоолдук жаралып жатат. Муну куугунтук десе болот.

Мындан тышкары Мелис Аспеков, Максат Кунакунов сыяктуу жаштардын өкүлдөрү да камакта отурат. Бирине "террордук актыга жардамдашты" деген айып тагылса, экинчисине таксистке 100 сом төлөбөй койгон үчүн күнөө коюлган. Бул жерде саясий негиз бар. Бийлик өзүнө каршы чыккандарды жаш-кары дебей куугунтуктоодо.

Кыргызстандан сыртка чыгып кеткендер да жок эмес. Алар: Мелис Мырзакматов, Садыр Жапаров, Уран Ботобеков, Адилет Айтикеев. Булар өзүнө гана эмес, үй-бүлөсүнө да коркунуч туулгандыктан өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушту.

"Азаттык”: Камактагы оппозициячылардын сотунун жабык өтүү себебин эмнеден көрөсүз?

Адил Турдукулов: Бул бийликтин мурунтан эле пландаган аракети. Жараянды жабык өтүшү менен бийлик одоно мыйзам бузууда. Аларга журналисттерди дагы киргизбей жатышат. Анткени аларды эч далилсиз, бийликти күч менен алууга аракеттенди деген күнөө менен камап койгон. Ошого ачык өткөрө алышпайт.

"Азаттык”: Жараянды ачык өткөрүү талабына бийликтин реакциясы кандай болууда?

Адил Турдукулов: Кайрылуу жолдонсо, форум өткөрүлсө, бирдиктүү саясий уюм түзүлгөндө гана бийликтегилер кандайдыр бир реакция жасай турганын түшүнүп турабыз. Антпесе ойлоп да коюшпайт. Элди да бийликтин каралоолоруна, терс көрүнүштөргө кайдыгер карабоого чакырабыз.

XS
SM
MD
LG