Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Ирак Мосулду бошотууга киришти


Мосулдан 45 чакырым алыстыктагы жолдо бараткан ирак аскерлери. 17-октябрь, 2016-жыл
Мосулдан 45 чакырым алыстыктагы жолдо бараткан ирак аскерлери. 17-октябрь, 2016-жыл

Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобу 2014-жылы жайында ээлеп алган шаарлардын эң ириси жана акыркысы - Мосулду бошотуу боюнча аскерий операция башталды.

Аны утурлай бирок шаар жайгашкан аймактын өзгөчөлүгүн, анда жашаган калктын санын, улуттук жана диний курамын, ошондой эле операцияга тартылышы ыктымал күчтөрдү эске алуу менен бир нече тараптан тынчыздануулар айтылган.

Ирак Мосулду бошотууга киришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

Узактан бери күтүлгөн жана татаал операция жүрүп жаткан жерден тартылган видео тасмаларга караганда, бүгүн Мосулдун айланасында кара түтүн уюлгуп, артиллериянын үнү угулуп жатат. Өкмөттүк аскерлер шаарга түштүк тараптан, жергиликтүү күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү чыгыш тараптан жылышты.

Операциянын башталышын утурлап, Ирактын учагы Мосулдун үстүнөн, түн ичи шаардын тургундары үчүн баракчалар менен гезиттерди да таштаган.

Мосулга бара жаткан Пешмерга күчтөрү. 17-октябрь, 2016-жыл.
Мосулга бара жаткан Пешмерга күчтөрү. 17-октябрь, 2016-жыл.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, аларда аба соккулар жайкын тургундарга багытталбай турганы жана уруш учурунда жеке коопсуздукту сактоонун жолдору айтылат.

Ал эми премьер-министр Хайдар ал-Абади дүйшөмбү таңда операциянын башталганы тууралуу жарыялаган кезде, шаарга Ирактын өкмөттүк күчтөрү гана кирет деп ишендирди:

- Бошотуу операциясын жүргүзүп жаткандар Ирактын каарман армиясы менен полиция күчтөрү. Мосулга башка бирөө эмес, ошолор гана кирет. Алар силердин араңардан чыккандар, силерге жакшылыкты гана каалайт жана силерди коргоону гана көздөйт.

Ирак премьеринин мосулдуктарга жогорудагыдай сөздөр менен кайрылып жатканы бекеринен эмес.

Буга чейин башка шаарларды бошотууга Иран колдогон шиит кошуундары жигердүү тартылып, бирок алар уруштар учурунда сунниттерге каршы кыянатчылыктарга барганы үчүн да айыпталышкан эле.

Мосулду алууга бараткан ирак күчтөрү. 17-октябрь
Мосулду алууга бараткан ирак күчтөрү. 17-октябрь

Өткөн аптада Перс булуңундагы сунни араб өлкөлөрүнүн уюму Мосулду бошотууга шиит кошуундардын катышуусуна каршылык билдирип чыгышкан:

- Мосулду бошотууга улуттук армия гана тартылып, диний тайпага негизделген кошуундардын бул уруштан обочодон турганы Ирактын өзү үчүн эле маанилүү. “Даиштин” террорчуларына каршы турууда Иранга байланышы бар элементтерди, диний кошуундарды колдонгондун ордуна ошол аймактын уулдарын пайдаланганы жакшыраак, -деген Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубаир Эр-Рияддагы жыйында.

Мосулду бошотууга шиит кошуундарынын аралашуусуна Перси булуңу кызматташтык кеңеши сыяктуу эле Түркия да каршы болгон.

Кокус бул операция учурунда да сунниттер куугунтукталса, аймактагы диний ажырымды тереңдетип, качкындар көбөйөт деп чоочуган Анкара Багдаддын Түндүк Ирактагы Башика лагеринен суннит мусулмандарды машыктыруу менен алектенип жаткан түрк аскерлерин алып кетүү талабына да моюн сунбай койду.

Мосулга бараткан күчтөр. 17-октябрь
Мосулга бараткан күчтөр. 17-октябрь

Ирактык аскерий өкүлдөрдүн айтымында, кеңири масштабдагы операцияга 25 миңдей жоокер тартылууда.

Арасында Күрт автономиясынын Пешмерга күчтөрүнүн 4000дөй өкүлү да бар. Аларга АКШ баштаган коалиция абадан колдоо көргөзүүдө.

Вашингтон өткөн айдын соңунда Мосул операциясына кол кабыш кылыш үчүн Иракка дагы 600 ашуун аскер жөнөтөрүн жарыялап, жалпы санын 4600гө чыгарган.

АКШ коргоо министри Эштон Картер ИМ тобун Мосулдан сүрүүнү бул экстремисттик уюмду жеңүүдөгү чечүүчү учур катары сыпаттады.

Жихадчылардын анабашы Абу Бакр ал-Багдади Ирак менен Сирияда халифат түзүшкөнү тууралуу дал ушул Мосулдан туруп жарыялаган эле.

АКШ баштаган коалициянын Ирактагы колбашчысы, генерал-лейтенат Стефан Таунсенддин айтымында, Мосулду бошотуу операциясы бир нече аптага, балким андан да узакка созулушу күтүлөт.

Борбор Багдаддан 400 чакырымдай алыстыкта жайгашкан шаарга чабуул ири гуманитардык кризис менен да коштолушу мүмкүндүгүн Улуттар уюму утур-утур эскертип келди:

- Улуттар уюмунун эсебинде, эгер сценарийлердин эң жаманы болсо Мосул 2016-жылдагы гуманитардык операциялардын эң татаалына айланышы ыктымал. Бул татаалдыктын бир нече себеби бар. Сценарийлердин эң жаманы учурунда шаар ичиндеги жайкын калктын 1,2 миллиондон 1,5 миллионго чейинкиси жабыр тартат. Жүз миңдегендери массалык түрдө качып, жүз миңдегендери шаар ичинде тирүү калканч катары колдонулушу мүмкүн, - дейт БУУнун Ирактагы гуманитардык иштер боюнча координатору Лиз Гранд.

Мосулдун ичинде азыр эң көп дегенде бир жарым миллиондой адам жана 4000-8000 миңге чейин согушкер бар деп болжолдонот. 2014-жылы жайда, “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери басып алган кезде анда эки миллиондой калк жашачу.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG