Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Иран депутаттары соттон активистти бошотууну суранышты


Иран парламенти.
Иран парламенти.

Журналист жана активист Наргес Мухамади өткөн жылы Иранда өлүм жазасына тыюу салуу өнөктүгүн уюштурганы үчүн абакка салынган. Өлүм жазасына каршы мыйзамсыз кыймылды уюштурган деп айыпталган Мухамади айым май айында сот тарабынан 16 жылга кесилген. Сот системасынын башчысы Аятолла Садег Ларижаниге кайрылууда мыйзамчылар “Ислам Республикасынын мээрими жана кайрымдуулугун колдонуп” ага балдары менен бир болууга мүмкүнчүлүк табууну суранышкан. Алар ошондой эле Мухамадинин ден-соолугу начарлаганын эске алышкан. Кол койгондор арасында Иран парламентинин төрагасынын орун басары Али Мотахари жана бир катар аял мыйзамчылар бар. Европа Биримдиги Мухамадинин кесилүүсү Иранда адам укуктарынын оор абалы тууралуу кабар берерин билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG