Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Украина: жикчилдердин командири жок кылынды


"Моторола" атка конгон Арсений Павлов.
"Моторола" атка конгон Арсений Павлов.

Украинанын чыгышындагы Донецк шаарында Орусия колдогон жикчилдердин “Моторола” аттуу таанымал талаа командири жардыруудан мерт болду. Украинанын бийлиги аны согуш кылмыштары боюнча айыптап келген.

“Моторола” деген ат менен белгилүү 33 жаштагы орусиялык Арсений Павлов Донецкидеги батиринин лифтине киргенде бомба жарылган. Орус маалымат агенттиктери жардыруудан командирдин бир жан сакчысы да мерт болгонун кабарлады.

Украинанын чыгышындагы жикчилдер “Мотороланы” баатырга теңеп, үч күндүк аза күтүү жарыялашты. Өздөрүн “Донецк эл республикасы” деп атап алган жикчилдердин лидери Александр Захарченко Павловго кол салуунун артында украин президенти турат деп билдирди:

- Эгер мен туура түшүнсөм, Петро Порошенко ок атышпоо келишимин бузуп, бизге согуш жарыялады. Андай болсо күткүлө. Жетишет. Кыйналуулар, убадалар жана сүйлөшүүлөр жетишет. Эстеп койгула, сиздердин кайгы бүгүнкү биздикинен миң эсе көп болот.

Украин чыгышындагы жикчилдердин лидери Александр Захарченко
Украин чыгышындагы жикчилдердин лидери Александр Захарченко

Порошенко да, анын администрациясы да Павловдун өлүмү же Захарченконун билдирүүсү боюнча комментарий беришкен жок. Болгону Украинанын Ички иштер министрлигинин байланыштар департаментинин өкүлү Артем Шевченко "Павлов эмнеге татыктуу болсо ошону алганын" айтып чыкты. Көпчүлүк украиналыктар социалдык тармактарда Павловду кылмышкер деп атап жатышат.

15 жашында жетим калган Арсений Павлов армиядан кийин эки жолу Чеченстанда кызмат өтөгөн. Ал куткаруучулук жана эстелик жасоо менен да алек болгон. 2014-жылы Украинанын чыгышында карама-каршылык күчөгөндө “Орус дүйнөсүн” коргоо үчүн Донецкиге келген. Ал жерде “Спарта” батальонун жетектеп, Донецк аэропортунда украин күчтөрүнө каршы күрөшкөн. Павлов ырайымсыздыгы жана туткундарды кыйнап, атып өлтүргөнү менен атагы чыккан.

Айрым маалымат каражаттары ал Донецк аэропортундагы кармашта набыт болгон аскерлерди бутунан ылдый асып койгонун жазышкан. Павлов 15 украиналык туткунду өлтүргөнү үчүн мактанганы бар. Туткундардын бири Игорь Брановицкийдин өлүмү боюнча президент Петро Порошенко түздөн-түз Павловду күнөөлөгөн.

- Эл аралык конвенцияларды бузуу менен өткөрүлгөн сурак маалында Игорь “Моторола” аттуу бандит тарабынан атып өлтүрүлгөн. Кечирим болбойт. Ал жоопко тартылып, украин баатырынын өлүмү үчүн жооп берет.

Павловдун өлүмүнөн кийин Украинанын аймагында ар кыл чабуулдар күчөшү мүмкүндүгүн парламенттеги айрым депутаттар айтып чыгышты. Учурда тыкыр кайтарылган жана жан сакчылар менен жүргөн Павловду ким өлтүрдү деген суроолор берилүүдө.

Орусиячыл жикчилдер, Донецк
Орусиячыл жикчилдер, Донецк

Окуядан көп өтпөй беткапчан кишилер украин желегенин алдында туруп, Павловду алар өлтүрүшкөнүн, кийинки кезек жикчилдердин башка лидерлеринде экенин айткан видео жарыяланды. Бирок эксперттер бул видеонун чын-бышыгын аныктоо мүмкүн эместигин билдиришти. Украин коомчулугунда Павловду орустардын атайын кызматы көзүн тазалады, буга командирдин эрежелерге баш ийбегени себеп болду деген пикирлер бар.

Украин армиясынын генералы Микола Маломуж өз жоромолдорун жергиликтүү басылмаларга айтып берди:

- Эки версия бар. Балким, Москвадагы кураторлордун буйругу менен чыккан ички араздашуулар себеп болушу мүмкүн. Ар кыл кураторлор бар. Балким биздин патриоттордун же атайын кызматтын да катыштыгы болушу ыктымал. Бирок андай учурлар аз. Бизде мындай мүмкүнчүлүк жок.

Украин чыгышындагы кармаштан улам Арсений Павлов Европа биримдигинин санциялар тизмесине киргизилген. Жакында Киев террорчу деп издөө салган Донецкидеги жикчилдердин тарапкери Евгений Жилинди Москвада белгисиз адамдар атып кетишкен. Былтыр Луганскидеги “Арбак” аттуу командир Алексей Мозговой, “Бэтмен” деген ат менен белгилүү дагы бир командир Александр Беднов киши колдуу болгон.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG