Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Атамбаев кытай премьери менен мындан аркы кызматташууну талкуулады


Алмазбек Атамбаев жана Ли Кэцян
Алмазбек Атамбаев жана Ли Кэцян

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцянды кабыл алып, эки тараптуу кызматташууну талкуулады. Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар буга чейин түзүлгөн макулдашууларды ишке ашыруу жана мындан аркы мамилени чыңдоо жаатында сөз кылышты.

Ли Кэцян Атамбаев менен жолугушуудан мурда ушул өңүттөгү сүйлөшүүнү өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков менен да жүргүздү.

Жаңы макулдашууларга ылайык, Кытай тарап Бишкектин жолдорун оңдоо үчүн алдыдагы үч жыл аралыгында 300 миллион юань грант бермей болду. Бул каражат 44 миллион доллардан ашат.

Расмий кабарларга ылайык, Кытай Кыргызстанга инвестиция салган мамлекеттердин сап башында. Бул өлкөнүн Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян баштаган делегация бүгүн Бишкекке расмий сапар менен келди.(SE)

XS
SM
MD
LG