Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Британ өкмөтү Брексит боюнча сотто утулуп калды


2016-жылдын июнь айындагы референдумда Британия Европа Биримдигинен чыгуу сунушун колдогон.
2016-жылдын июнь айындагы референдумда Британия Европа Биримдигинен чыгуу сунушун колдогон.

Лондондогу Жогорку Сот Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу процессин баштоо маселеси депутаттардын добушуна коюлушу керек деген өкүм чыгарды. Бул британ өкмөтү парламенттин макулдугу жок Лисабон келишиминин 50-беренесин ишке киргизе албайт же Европа Биримдигинен чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштай албайт дегенди билдирет.

Өкмөт Брексит боюнча референдумдун жыйынтыгын жүйө келтирип, депутаттардын макулдугун суроого зарылчылык жок деген пикирде. Бирок айрымдар өкмөттүн бул кадамы Конституцияга каршы келет деп белгилешкен. Өкмөт соттун соңку чечимине карата доо арыз бергени турат.

2016-жылдын июнь айындагы референдумда Британия Европа Биримдигинен чыгуу сунушун колдогон. (KKs)

XS
SM
MD
LG