Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Бишкектеги мушташ диний талкууну күчөттү


Бишкектеги өспүрүмдөр катышкан мушташ.
Бишкектеги өспүрүмдөр катышкан мушташ.

Бишкекте студенттер менен 28 жаштагы жарандын мушташы соцтармактарда диний өңүттөгү талкууну күчөттү.

Чак түштөгү урушта бир өспүрүм бычак жеп ооруканага жатып чыкты. Ал эми ага бычак сайган 28 жаштагы киши камакка алынды.

Апта башында Бишкектин Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 7-8 өспүрүм менен жоолук оронгон аялды ээрчиткен адамдын мушташы тартылган видео интернетке тараган болчу. Видеодо балдар ал адамга тап берип, урушуп жатканы, андан соң көптөп ур-тепкиге алып качып кеткени тартылган. Күбөлөр токмок жеген адам балдарды кубалап жетип, алардын бирине бычак сайганын милицияга айтып беришкен. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мира Абдылдаева:

- Кармалган адам 1988-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну. Азыр тергөө абагында отурат. Иликтөө, тергөө иштери уланууда.

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө

Диний экстремизм менен күрөш жүргүзүү милициянын милдети, тартип сакчылары катуураак иштесе эле баары жайында болот, экстремисттердин колунан эч нерсе келбейт деп көңүл тынчытуу жарабайт.

Милициянын маалыматында мушташка балдар жоолукчан айым менен камалган жарандын мамилесин видеого тартканы себеп болгон. Айрым жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында окуя ал адамдын сакал койгонуна, динчил экенине басым жасалып жарыяланган. Бул кабар социалдык тармакта кызуу талкууга жем таштады.

AdenaKG: Бул жерде балдар күнөөлүү. Көчөдө мусулманбы, башкабы, эмне иш кылат ар бир жаран өзү билет. Анан топтошкон чөөдөй болуп асылып жатпайбы. Эгер бычак алып чыкпаса, балдар катуу тепкилеп коймок.

Кылыч: Мусулмансыңбы шариат айткандай жаша. Мусулманча кийинип, сакал коюп алып көчөдө оронгон кызың менен жетелешип, кучакташып жатсаң, башкалар көңүл бурат да. Силер деле филармониянын алдында бийлебегиле деп чыр чыгарбадыңар беле. Анан өзүңөрдүн жүргөнүңөр ушулбу? Кыз-жигит болсоң эл көзүнө эмес, үйүңөрдө эркелешкиле...

Ушул сыяктуу эки жаатка бөлүнгөн социалдык тармактын колдонуучуларынын кайым айтышы токтой элек. Жаш активист Улан Үсөйүндүн пикиринде, массалык маалымат каражаттарынын мушташка шектүү деп кармалган адамдын тышкы көрүнүшүнө, сакал койгонуна басып жасагандыгы талкууларды күчөттү:

- Ушул маселелерди эл көп окусун, сенсация болсун деп ар кандай тема коюп жатышат. Кандайдыр бир чагымчылдык темадай көрүнөт. Эми ар бир адам сакал койобу, жокпу, дин тутунабы, жокпу өзү билет. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Окуя боюнча студенттер же тиги адам мыйзамга ылайык жооп беришет.

Адистер акыркы учурда социалдык тармактарда айрым жаштардын диний темаларды агрессиялык маанайда талкуулоолору көбөйгөнүн белгилешет. Мунун себеби катары коомчулуктагы диний сабатсыздык жана толеранттуулуктун жоктугу аталууда. Диний эксперт Канат Мырзахалилов мындай темаларды коомчулукка жарыялоодо этият болууга чакырат.

- Азыркы учурда коомчулукта эки кайчы пикир бар экенин ачык айтышыбыз керек. Бири ашынган динчилер, экинчиси светтик көз карашты кармангандар. Бул айрыкча социалдык тармактардагы жаштардын талкуусунан байкалат. Эми кабарчылар болобу, интернеттин активдүү колдонуучулары болобу, мындай окуяларда этият болсо дээр элем. Болбосо азыр диний тема чынжырдай уланып отуруп, коомчулукта чоң ажырымды пайда кылат.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

Азырынча милиция жогорудагы окуянын чоо-жайын толук ачыктай элек. Ал ортодо өспүрүмгө бычак урган адам Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экен деген кабарлар чыкты.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG