Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Отунбаева даректүү тасманы көп тартууга чакырды


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева кыргызстандык жаштарды даректүү фильмдерди көрүүгө, мындай тасмаларды көбүрөөк тартууга чакырды. Бул тууралуу ал "Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалынынын жабылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди:

- Бул фестиваль токтобошу керек. Дайыма улантуу зарыл, - деп айткан Отунбаева иш-чаранын уюштуруучусу, укук коргоочу Төлөкан Исмаиловага ишмердиктеги өйдө-ылдыйга карабай, эмгектенүүнү уланта берүүгө үндөдү.

Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү тасмалар фестивалы бүгүн аяктоодо. 31-октябрда башталган иш-чаранын алкагында көрөрмандарга чет элде жана Кыргызстанда тартылган 19 фильм сунушталды. Быйыл онунчу жолу өткөн фестиваль Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына арналды.

Фильмдер “Манас” кинотеатрында саат 9:30дан 18:00гө чейин акысыз көрсөтүлдү. Бүгүн мыкты тасмалар аныкталып, режиссерлор сыйланып жатат. Андан ары тасмалар Кыргызстандын аймактарында элге тартууланат.

XS
SM
MD
LG