Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Талас: мугалимдердин кызмат чыры


Талас райондук билим берүү борбору
Талас райондук билим берүү борбору

Талас районундагы митингге чыккан бала бакча жана мектеп директорлорунун ишин прокуратура териштирип жатат.

Прокуратурага мындай арыз менен райондун акими кайрылган. Буга райондогу 25 мектептин, жети бала бакчанын жетекчилеринин жана Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн эки кызматкеринин иш учурунда Бишкекке барып, Ак үй алдында митингге чыкканы себеп болгон.

Район акими Бакыт Нуржанов райондук прокуратурага кайрылганынын себебин мындайча түшүндүрдү:

- 24-октябрда Бишкектен силердин 34 директоруңар Жогорку Кеңештин алдында митинг уюштуруп жатат деп чалышты. Себебин сурасак, Гүлкан Молдобекова деген депутатка жолугуп, Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Тынара Назаралиеваны иштен албагыла деп кайрылып жүрүшүптүр. Ошол күнү айыл өкмөттөр кыдырып чыкса, бир да мектеп директору иш ордунда жок экен. Министрликке, райондук прокуратурага булардын ишинин мыйзамдуулугун аныктап бергиле деп кайрылдык.

Учурда мектеп директорлору таламын талашып жаткан Талас районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеванын иштен кыскарып жатканын Бакыт Нуржанов мындайча түшүндүрдү:

- Министрликтен 30-31-октябрда өкүлдөр келип, райондун мектептерин кыдырып, директорлор менен жолуккан. Ошондо райондук, шаардык бөлүмдөр бириктирилсин, аймактык болуп кайра түзүлсүн, анын башына азыркы шаардык бөлүмдүн башчысы Байыш Керимбаев дайындалсын деген буйрук окулган. Ага болбой жатышат. Райондук жана шаардык бөлүмдөр бириктирилет деп марттан бери айтылып келген.

Ал эми райондогу мугалимдер профсоюзунун төрайымы Жылдыз Турдумамбетова директорлор Жогорку Кеңешке иштин кызыкчылыгы менен барганын айтууда:

- Биз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеванын кабинетинде отурсак, Бишкектен “министрликтен сиз ордуңузду бошотуңуз, бизге Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова тапшырма берип жатат” деп бирөө чалды. Биз угуп турдук. Анан Жогорку Кеңешке, депутат айымга барып жолугууну чечтик, эмне үчүн ал райОНОну кызматтан кетсин деп буйрук бергенин билели дедик. Ошондой эле мектептерге видеобайкоону орнотуу демилгесин, компьютерлер жетишпейт, ошолорду чечип алалы деп барганбыз. Митинг кылган эмеспиз.

Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Тынара Назаралиеванын иштен алышына көрсөтмө берди деген кинени Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова минтип четке какты:

- Менин антип айтканга акым жок. Кийлигише да албайм. "Телефондон айтса эле келе бересиңерби?" дедим. Мен алгыла десем эле, ала берсе анда жакшы экен. Ким айтканын сурасам, "телефондон бирөө айткан" дешти. "Телефондон уктук деп эле келе бересиңерби? Өзүңөр директор болсоңор жоопкерчиликти билесиңерби? Бөлүм башчыңар иштей берсин, мен ага кийлигише албайм" дегем.

Ал эми Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиева депутат Гүлкан Молдобекованы Билим берүү министрлигинин кадр маселесине көмүскө кийлигишип жатат деп айыптады:

- Барган директорлорго Гүлкан Молдобекова Тынараны тааныбай турганын айтыптыр. Бирок Гүлкан мени абдан жакшы тааныйт. Шайлоо учурунда КСДПга добуш берүү боюнча сүйлөшкөнбуз, жардамчысы Марлес ушул жерде биз менен чогуу жүргөн. КСДПга эле добуш бергиле, мугалимдердин эртеңи үчүн жакшы деп чогулуштарды өткөргөнүм чын. Кийин эле текшерүү көбөйдү. Тажаганда териштирсек, артында Гүлкан Молдобекова турат экен. 24-октябрда директорлор борборго барганда мен ооруп жаткам. 30-октябрда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Таласка семинарга келишти, арасында Гүлкан Молдобекова бар экен. Эки күндүк иш сапарында жолугайын десем, биз жакты карабай да, сүйлөбөй да койду.

Окуяга сырттан байкоо салган адистер мугалимдерди саясатка аралаштыруу чеки иш болгонун айтышууда. Буга чейин Кыргызстанда окуучуларды митингге чыгарган окуя катталган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG