Евгений Зиничев ФСБ директорунун орун басары кызматына өткөн айда эле бекитилген, бирок расмий жарыя 5-ноябрда гана жасалды.
50 жаштагы Зиничев мурда президент Путиндин жеке жансакчыларынын тобунда иштеген болчу.
Быйыл июль айында эле Калининград облусунун губернаторлугуна дайындалып, бирок үч айдан кийин эле кайра бул кызматты таштаган. (UE)