Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

АКШнын федералдык иликтөө бюросу Клинтонго айып такпайт


Клинтон менен Трамп.
Клинтон менен Трамп.

Мекеменин директору Жеймс Коуми Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтонду жеке электрондук почтаны колдонгону үчүн күнөөлөөгө болбой турганын Америка Конгрессине билдирди. Маселе жакында эле Клинтондун каттарына байланышкан жаңы жагдайлар ачыкка чыккандан кийин кайра козголду.

Федералдык иликтөөлөр бюросу муну иликтеп, талапкерге айып тагуунун кажети жок деген чечимге келген. 28-октябрда Коуми Конгресске кат жолдоп, Клинтонго байланышкан жаңы каттар табылганын кабарлаган. Ушул окуядан кийин шайлоо алдындагы өнөктүктө Хиллари Клинтон, атаандашы республикачы Дональд Трамптан бир топ артта калганын коомдук сурамжылоолор көрсөттү.

Трамп аны жеке почтасын пайдаланганы үчүн сындап, жашыруун маалыматтарга көңүлкош мамиле жасады деген жүйө менен жоопко тартууга чакырып келет. АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG