Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

АКШнын сегиз штатында шайлоо бекеттери жабылды


АКШда президенттик шайлоо өтүп жатат
АКШда президенттик шайлоо өтүп жатат

Кентукки штатында добуштардын 3% эсептелип бүттү. Анын жыйынтыгында Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп алдыда баратканы маалым болду.

Шайлоо бекеттери Массачусетс жана Нью-Гэмпшире штаттарында да жабылганы кабаранды. Жакынкы аралыкта дагы он алты штатта добуш берүү жыйынтыкталат. Алардын арасында Виржиния жана Жоржия да бар. Бул эки чоң штаттагы добуш берүүнүн жыйынтыктары шайлоонун жалпы жыйынтыгына чоң таасир тийгизет деп саналат.

АКШда президенттик шайлоо өтүп жатат. Америкалыктар өлкөнүн 45-президенти үчүн добуш берүүдө. Президенттик шайлоо өлкө тарыхында 58-ирет өтүп жатат.

Америкалыктар өлкөнүн 45-президентин эле эмес, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын бардык 435 мүчөсүн жана 100 сенатордун 34үн да шайлашат.

XS
SM
MD
LG