Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Путин Дональд Трампты куттуктады


Орусия президенти куттуктоосунда Москва Вашингтон менен мамилесин оңдоого даяр экенин билдирген.

“Биз анын АКШ президентигине талапкер кезинде Орусия жана АКШнын мамилесин калыбына келтирүүгө багытталган чакырыктарын укканбыз. Мамиле деградацияга түшүп кеткен шартта аны ишке ашыруу оңой болбосун түшүнөбүз жана билебиз. Бирок мен бир нече жолу айткандай, Орусия-АКШ мамилесинин мындай абалына биз күнөөлүү эмеспиз. Бирок Орусия Кошмо Штаттар менен толук форматтуу кызматташууну каалайт жана ага даяр”,- деди Владимир Путин 9-ноябрда чет өлкөлүк элчилерден ишеним грамотасын алып жаткан кезде.

Президенттин маалымат кызматы Путин АКШнын 45и президенти болуп шайланган Дональд Трампка куттуктоо телеграммасын андан мурдараак жөнөткөнүн кабарлаган. Москва менен Вашингтондун мамилеси Барак Обаманын тушунда начарлап кеткен. Эки өлкө Сирия жана Украина боюнча келишпей келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG