Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Жаңы өкмөт ишин сын угуудан баштады


Жаңы өкмөт мүчөлөрү.
Жаңы өкмөт мүчөлөрү.

Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Жаңы өкмөттө алты министр, бир вице-премьер алмашты.

Депутаттар министрлердин кесиптик курамына канааттанбай, көптөгөн суроолорду узатты. Талкуу учурунда жаңы министрлерден сынак алгандар да болду.

Өкмөт курамын бекитүүдө негизги талкуу анын программасы тууралуу эмес, министрлик кызматка келген кадрларга байланыштуу болду.

Оппозициядагы депутаттардын көпчүлүгү жаңыдан келген кадрлардын кесипкөйлүк деңгээлинен шек санап жатышты. Маселен, фракциясы коалицияга киргенине карабай өзү оппозицияда калган “Бир Бол” партиясынын депутаты Чолпон Жакупова министрлердин көпчүлүгү адискөйлүгүнө эмес, бийликке жакын болгону үчүн кызматка дайындалганына нааразы болду:

- Сунушталган өкмөт мүчөлөрү элементардуу суроолорго жооп бере албай жатканын баарыбыз көрдүк. Бул эми уят да. Ал эми өкмөт өз программасына профессионализм жана карьералык өсүү туугандык же башка байланышка эмес, кызматкердин ишиндеги ийгилигине гана көз каранды болуш керек деп жазып коюптур. Мунун баары калп. Карьералык жогорулоо президентке жакын болгондорго тиешелүү болуп жатат.

Исраиловду жүдөткөн суроолор

Суроолордун көбү президент Ички иштер министрлигине сунуштаган Улан Исраиловго багытталып жатты. Аларга Исраилов өзү эмес, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жооп берүүгө аракет кылды.

Муну байкаган “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жаңы министрге карата жөнөкөй суроолорду узатып, ага жооп ала алган жок.

- Атамбаев “укук коргоо органдары терең кризисте, реформа жүрбөй жатат, 2010-жылдан бери сегиз министр алмашты, бири да өзгөртө албады” деп айтты. Мына эми ишенген Улан Исраилов деген министрликке келип отурат. Ал үчүн татаал суроолорго премьер-министр жооп берип жатат. Мен жеңил суроолорду берейин: Административдик ведомсвтонун канча түрү бар?

- ....

Жооп жок. Төрт түрү бар. Өкмөттүн канча мүчөсү бар? Буга да жооп жок. Канча министрлик бар? Жооп бере албайсыз. Муну эми колунун жетелеп иштетесизби, Сооронбай Шарипович?

Исраилов Текебаевдин суроосуна жооп таппады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

​Исраилов ИИМ реформасы кандай жүрөт, канча мөөнөттө бүтөт деген суроолорду да жоопсуз калтырды.

Министрлерин коргогон Жээнбеков

Бирок премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңы министрди коргоого аракет кылды:

- Улан Исраиловду мен көптөн бери билем. Ал кооз сүйлөгөндү билбейт. Ал таза адам. Укук коргоо органдарында маселе эмне? Таза кадрды табуу. Мына ушул таза кадрлардын бири Улан Исраилов. Бүгүн парламентке келип сүрдөп жатат. Кийинкиде ал жакшы сүйлөп калат.

Улан Исраилов буга чейин УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматты жетектеп келген. Ага чейин президенттин күзөт кызматында иштеп, ишенимдүү жансакчыларынын бири болгон.

Муну менен катар айыл чарба министри болуп бекитилген Нурбек Мурашев, Юстиция министрлигине келген Уран Ахметовдун дарегине көптөгөн сындар айтылды.

Ошондой эле өлкөдөгү экономиканын абалы начар экенин айтып, бул жатта өкмөттүн конкреттүү пландары жок экенин айрым депутаттар айтып чыкты.

Бабанов өкмөттү сындады

Маселен, “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов мындай кырдаалга өкмөттүн жоопкерчиликсиз саясаты себеп болуп жатканына токтолду:

- Министрлер, вице-премьерлер эгер жеке башы менен жооп берерин билбесе, эч качан ишиңер оңолбойт. Өкмөттө инвестиция аркылуу жасай турган иштер бар. Ошол эле учурда өзүбүздүн акчабызга эле аткарып коюуга мүмкүн болгон иштер да бар. Алар аткарылбай жатат.

Өкмөт мүчөлөрү парламентте
Өкмөт мүчөлөрү парламентте

Анткен менен бул өкмөттү түзгөн көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов министрлерге ишенерин билдирип, аларга колдоого чакырды:

- Коалициялык көпчүлүк жана ар бир депутат өкмөткө эмне керек болсо, колдоп бериши керек. Керектүү мыйзамдарды оперативдүү түрдө кабыл алышыбыз керек. Анткени бул өкмөттү биз түзүп жатабыз. Ал эми сындап жаткандар мунун баары өзүңөрдүн башыңарга тийиши мүмкүн.

Парламентте көпчүлүк коалиция түзүлдү

Парламентте көпчүлүк коалиция түзүлдү

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коалиция түзүлгөнүн Жогорку Кеңеште расмий жарыялады. Башкаруучу альянстын курамына КСДП, "Кыргызстан", "Бир бол" фракциялары кирди.

Өкмөт курамындагы он эки министрликтин алтоо, төрт вице-премьерлик кызматтын биринде жетекчилик алмашты. Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова, ички иштер министри кызматына Улан Исраилов, Айыл, суу чарба министрлигине Нурбек Мурашев, Юстиция министрлигине Уран Ахметов, Транспорт жана жолдор министрлигине Жамшитбек Калилов, Билим берүү жана илим министрлигине Гүлмира Кудайбердиева, Социалдык өнүктүрүү министрлигине “Кыргызстан” фракциясынын дагы бир депутаты Таалайкүл Исакунова жетекчи болуп дайындалды.

Ордунда калган министрлер

Ал эми биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев, вице-премьерлер Олег Панкратов, Жеңиш Разаков, экономика министри Арзыбек Кожошев, финансы министри Адылбек Касмалиев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, саламаттык сактоо министри Талантбек Баатыралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков жана УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев өз орундарында калды.

Жаңы коалицияны КСДП “Бир Бол” жана “Кыргызстан” менен түзүп, анын негизинде жаңы өкмөт куралды.

Президенттин чакырыгы

Ушул эле күнү президент Алмазбек Атамбаев Ошто курулган ден соолукту чыңдоо комплексинин ачылышында тургундарды ынтымакка, биримдикке чакырды. Мамлекет башчы ошондой эле “эл бузар саясатчыларды” ээрчибегенге үгүттөдү. Бирок “эл бузарлар” кимдер экенин ачык айткан жок. Ош шаарындагы аскерлер шаарчасына “Кыргызстан Газпром” ишканасы куруп берген ден соолукту чыңдоо комплексинин ачылышынан кийин президент Баткенге иш сапар менен кетти.

Атамбаев: “Эл бузарларды” ээрчибегиле
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG