Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Эрдоган: АКШ-Түркия алакасында жаңы доор башталууда


Президненттер Барак Обама жана Режеп Тайып Эрдоган
Президненттер Барак Обама жана Режеп Тайып Эрдоган

Түрк расмий өкүлдөрү билдиргендей, президент Режеп Тайып Эрдоган 9-ноябрда АКШнын шайланган президенти Дональд Трампка телефон чалып, карым-катнашты жакшыртууну, терроризмге каршы күрөштөгү кызматташтыкты талкуулаган.

Ал эми Эрдоган өзү Анкарада сүйлөгөн учурунда Трамптын шайлоодогу жеңишинен улам АКШ менен Түркия алакасында “жаңы доор башталууда” деп жарыялады.

Трамп шайлоо өнөктүгүндө азыркы президент Барак Обаманын Жакынкы Чыгыштагы тышкы саясатынын көбүн өзгөртө турганын айтып жүргөн.

Быйыл июлдагы аскерий төңкөрүш аракетинен кийинки кеңири масштабдуу куугунтуктоолор, камоолордон улам азыр Эрдогандын Обама администрациясы жана Батыш өлкөлөрү менен мамилеси чыңалып турат.

Түркия президенти ошондой эле АКШ ал аскерий төңкөрүш аракети үчүн айыптаган диниятчы Фетхулла Гүленди өткөрүп бербей жатканына да нааразы.

Түрк премьер-министри Бинали Йылдырымдын айтымында, Трамптын администрациясы кызматка киришкенден кийин Гүленди “тез өткөрүп бериши” АКШ -Түркия алакасында “жаңы баракты” ачат.

АКШ менен Түркия ортосунда азыр Ирактын Мосул шаарын, Сириянын Ракка шаарын “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотуу операциялары боюнча да пикир келишпестиктер бар. (UE)

XS
SM
MD
LG