Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Депутаттар КТРК жетекчилигин сынга алышты


Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков “Ала-Тоо” маалымат программасынан көрсөтүлгөн “Белизгейт” тууралуу маалыматтар президенттик аппарат жана интернет булактардан алынганын парламент жыйынында билдирди. Ал жаңылыктарда көрсөтүлгөн видеокадрлар президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн келген болсо, депутаттардын “Мегакомдо” үлүшү бар деген маалыматты “vb” сайтынан алганын билдирди.

Мындай сөзгө депутат Өмүрбек Текебаев коомдук канал бир тараптуу каралоо жүргүзгөнүн айтып, КТРК айыпталуучу тараптын пикирин камтыбаганын эске салды. Ошондой эле бир катар депутаттар КТРК тергөөнүн расмий жыйынтыгы чыга электе депутаттардын атын атаганына нааразы болушту.

Бүгүн депутаттар “Белизгейт” боюнча маалымат алышууда. Жогорку Кеңешке УКМК, Башкы прокуратура, КТРК менен ЭлТРдин жетекчилери келип маалымат берүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG