Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

“Коркут-Ата” спектаклинин бет ачары өтөт


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бүгүн Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Коркут Ата” спектакли коюлат. Уюштуруучулардын айтымында, спектаклди көрүүгө ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов жана өкмөттөн расмий өкүлдөрү келет.

Пьеса жалпы түрк дүйнөсүнө тиешелүү маданий мурас - 8-кылымда Сыр-Дарыя боюнда жашап өткөн атактуу акын, күүлөрдүн устаты Коркут Ата тууралуу жазылган. Драмада легендага айланган инсандын өлбөстүктү издегени, аны өзү жасаган музыкалык аспап аркылуу тапканы чагылдырылган. Уламышта кыл кыякты Коркут Ата ойлоп тапканы айтылып келет. Спектакль ТҮРКСОЙдун атайын буюртмасы менен даярдалган.

Драманынын автору Кайрат Иманалиев, койгон режиссер Марат Козукеев. Спектакль буга чейин театр күйөрмандары үчүн эки ирет көрсөтүлгөн. (ZA)

XS
SM
MD
LG