Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Ара төрөлгөн ымыркай жашоого укуктуу


Рима Имарова кызы менен
Рима Имарова кызы менен

Бир наристебизди колубуздан учуруп жибергенден кийин күтүп жаткан ымыркай мага гана эмес, баарыбызга өзгөчө таттуу сезилип жаткан. Аябай күтүп жатканыбыздан уламбы же өйдө жактан бул жарык дүйнөгө келе турган убакыт-сааты белгилендиби, айтор, кызыбыз бир жарым ай эрте төрөлдү.

Бир жагынан сүйүнүп турганыбыз менен, бир жагынан чочулап турдук. Кызым экөөбүздү интенсивдик терапия палатасынан жалпы бөлүмгө котормоюн ырым кылып элге-журтка сүйүнчүлөгөн жокпуз.

Ара төрөлгөн наристем көзүбүзгө өтө назик жана аянычтуу көрүндү. Ал уктап жатканда дем алып жатабы деп жанына келип улам эле текшере берчүмүн. Мен ошондо гана ара төрөлгөн балдарды асырачу неонатолог деген догдур бар экенин билдим. Андай балдардын бат торолуп кетишине жөн гана жылуулуктун жана эмчек эмизүүнүн маанисин догдурлар айтканда билип түшүндүм. Өткөн күндөрдү санап, мына дагы бир күнгө чоңойдук деп сүйүнүп калчубуз.

Эне катары байкоом боюнча, кээ бир эрте төрөлүп калган наристелердин жетилүүсү өздөрү менен тең балдардыкына салыштырмалуу кичине кечирээк болот экен. Ошондуктан кызыбыз артта калбашы үчүн үйдөгүлөрдүн баары абдан көп аракет жасадык.

Ошентип 10 жыл өттү. Бүгүн кызыбыз 10 жашка чыгып баарыбызды сүйүнтүп отурат. Чоңойгондо кичинекей балдардын тиш догдуру болом деп кыялданат. Буюрса, ошол тилектери орундалса экен.

Эртең ара төрөлгөн балдардын күнү белгиленет. Алар өз убактысында төрөлгөн балдарга салыштырмалуу аябай алсыз келет. Демек, алар өзгөчө камкордукка жана мамилеге муктаж. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ошол өзгөчө камкордукту көрсөткөн неонатологдордун кылган кызматына таазим этким келет!

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондусунда иштегенимден өзгөчө ырахат алам. Себеби өзүм догдур болуп балдарды сактоодо түздөн түз катыша албасам да, биз ишке ашырып жаткан долбоорлор, окутуулар, жана алып берген жабдыктар ошого көмөк көрсөтөт. Андан сырткары, андай балдарды сактоо менен гана чектелбестен, андан кийин алардын жетилүүсүн аныктоо долбоору да жакын арада ишке ашканы жатат.

Жыл сайын Кыргызстанда 8 миңдей ара төрөлгөн балдар жарык дүйнөгө келет. Алардын ар бири жашоого жана жашап кетүүгө укуктуу!

Рима Имарова, ЮНИСЕФтин саламаттык сактоо бөлүмүнүн адиси

XS
SM
MD
LG