Ак үй алдында ушу тапта өкмөттөн электр энергиясына уруксат берүүнү талап кылгандар митинг өткөрүүдө. Нааразылык акциясына чыккандардын бири, өзүн Караталов Турсунбек деп тааныштырган жаран Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургуну экенин, электр алууга убактылуу уруксат сурап жаткандарын "Азаттыкка" төмөнкүчө айтып берди:
- Жерлерибиздин "кызыл китеби" азырынча жок. "Жашыл китеп" боюнча убактылуу электр өткөрүп алууну сурап жатабыз. Өзүбүз акча чогултуп, зым тарттырып алганбыз.
Акциянын уюштуруучулары митингге 500дөй адам чыкканын айтууда. Ал эми көз каранды эмес байкоочулар 200дөй катышуучу бар экенин, айрымдары майда балдары менен келгенин билдирди.
Бишкектин тегерегинде жайгашкан жаңы конуштардын саны 50гө жетет. Көпчүлүгүнүн документи толук болбогондуктан инфраструктурасы өнүккөн эмес. (RK)