Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Ош прокуратурасы батирлер боюнча маалыматты четке кагууда


Ош шаары. Иллюстрация.
Ош шаары. Иллюстрация.

Ош шаарынын прокуратурасы күч органдарында иштегендерге кызматтык батирлер мыйзамсыз бөлүштүрүлгөн деген маалыматты төгүндөдү.

Мекеме бүгүн тараткан маалыматта 2012-жылы прокуратуранын муктаж болгон кызматкерлерине 8 батир берилгени, алар мэриянын балансында экени айтылат.

Ошто кызматтык батирлерди шаардык прокуратура менен милициянын башчылары менчиктештирип алганын жарандык коомдун өкүлдөрү айтып чыккан болчу. Алар Атай Шакир уулу менен Кылычбек Жолдошевге берилген үйлөрдү текшерүүнү талап кылууда. Анткени, алардын белгилешинче, эки аткаминердин өздөрүнүн үйү бар экен.

XS
SM
MD
LG