Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Чек ара кызматынын башчысы жоокерлердин коопсуздугун сактоону талап кылды


Мамлекеттик чек ара кызматына жаңы жетекчи болуп дайындалган Мирбек Касымкулов Чүй, Талас жана Баткен облустарындагы бөлүктөрдү кыдырды. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, дем алыш күндөрү жетекчи чек аралардагы абал менен таанышып, бөлүктөрдүн аскер даярдыгын текшерди.

-Учурдагы негизги талап – чек ара бөлүктөрүндө коопсуздукту камсыздоо жана курал-жарактарды сактоо. Ошондой эле чек ара бөлүктөрүндө моралдык-психологиялык абал туруктуу болушу керек. Командирлер аскерлердин коопсуздугуна тикелей жооп бериши кажет,- деди Касымкулов.

Жетекчи аскерлердин үй-бүлөлөрү менен да жолугушту.

Мамлекеттик чек ара кызматын Мирбек Касымкулов 8-ноябрдан бери башкарууда. (SE)

XS
SM
MD
LG