Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Бабанов: Тизме түзүү укугун БШКга өткөрүп берүү керек


Өмүрбек Бабанов. 11-декабрь, 2016
Өмүрбек Бабанов. 11-декабрь, 2016

Шайлоочулардын тизмесин түзүү укугун Мамкаттоо кызматынан алып Боршайкомго бериш керек. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди.

Бабановдун айтуусунда, жубайы менен бир даректе катталса да бүгүн экөө эки башка айылга барып добуш берүүгө мажбур болду.

"Тизме түзүү функциясын Борбордук шайлоо комиссиясына берүү зарыл. Себеби анда баланс бар, парламенттеги коалициялык көпчүлүк менен оппозициянын катышуусунда түзүлгөн орган. Биз бардык фактыларды чогултуп жатабыз, бул маселени парламентте көтөрөбүз" деди Бабанов.

Ошону менен катар партия жана фракция лидери добуш берүү процесстин өзү мыкты уюштурулганын кошумчалап "идентификация тез жана туура өткөрүлдү, бюллетенди бат беришти" деп билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG