Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

БШК: Саат 14:00гө карата 13,79% шайлоочу добуш берди


11-декабрдагы добуш берүү.
11-декабрдагы добуш берүү.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, референдумга жалпы шайлоочулардын 394 миңи добуш берген. Активдүүлүгү жагынан Нарын облусу алдыда. Ааталган облуста шайлоочулардын 17,68% катышса, 16% менен Талас келе жатат. Ысык-Көлдө болсо 15,53% шайлоочу добуш берди. Ал эми Чүй облусунда 14,85%, Баткен облусунда 13%, Жалал-Абадда 12,74%, Ош облусу 11,35% шайлоочу катышты.

Бишкек шаарында шайлоочулардын 14,91%, ал эми Ош шаарында 14,25% добуш берди.

Ал эми жергиликтүү кеңештерге жалпы 317 942 киши добуш берген, бул бардык шайлоочулардын 14,58% түзөт. БШК төрайымынын айтуусунда, жергиликтүү кеңештерге шайлоо активдүү жүрүп жатат. Активдүүлүгү жагынан Нарын облусу 17,37%, Ысык-Көл облусу 16,87%, Талас облусу 15,81% менен алдыда. Ал эми Чүй облусунда шайлоочулардын 15,58%, Жалал-Абадда 12,65%, Баткенде 12,42%, Ош облусунда 11,77% катышты.

Айылдык кеңештерге шайлоого 232 292 шайлоочу добуш берди, бул жалпы шайлоочулардын 13,66% түзөт.

2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырганда, быйыл шайлоочулардын катышуусу эки эсе төмөн болууда. Былтыр 4-октябрда саат 14.00гө карата жалпы шайлоочулардын 30 пайызы добуш берген. (EB/ZKo)

XS
SM
MD
LG