Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Египеттеги жардыруу 26 адамдын өмүрүн алды


Каирдеги копт христиандарынын чиркөөсү.
Каирдеги копт христиандарынын чиркөөсү.

Жекшембиде Каирде болгон жардыруу 26 адамдын өмүрүн алды, кырктан ашуун киши ар кандай деңгээлде жаракат алышты.

Египеттин баш калаасы Каирдеги христиан коптордун чиркөөсүнүн жанындагы жардыруудан кеминде 26 киши мерт кетти. Арасында алты бала бар. Окуя жекшембиде жергиликтүү убакыт боюнча саат эртең мененки 10до болгон. Ыйык Марк чиркөөсүнө жекшемби күнкү сыйынууга келген ондогон адамдар ар кандай жаракат алып, ооруканаларга жеткирилди. Имараттан терезелери сынып, чатыры жабыркады.

- Бул жалпы Египетке каршы жасалган сокку. Бул христиандарга же мусулмандарга эле каршы уюштурулган жок. Ошентсе да жакшылыктан үмүт үзбөйбүз - деди ооруканага кан тапшыруу үчүн келген жергиликтүүлөрдүн бири.

Чиркөөнүн кызматкери ыйлап турат.
Чиркөөнүн кызматкери ыйлап турат.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Хазм кыймылы” тобу өз мойнуна алды. Египет бийлиги бул уюм өлкөдө тыюу салынган “Мусулман агайындар” кыймылы менен байланышы бардыгын билдирип келет.

Араб иликтөө борборунун эксперти Мустафа Амин радикалдык топ жакында эле негизделгенин айтат:

- Топ ушул жылдын июль айында кайра түзүлгөн. Алардын курамы толук жаңыланса керек. Дээрлик ай сайын жок эле дегенде бир чабуул уюштуруп жатышат. Негизинен кол салуулардын көбү коопсуздук күчтөрүнө каршы багытталган. Алар кимдир бирөөлөрдөн өч алуу үчүн мындай кадамга барып жатышкандай. Балким бул бийликтин согушкерлерди аёосуз жок кылып жатканына каршы кадам болсо керек.

Соңку бир нече айдын ичинде бул топ Египетте бар катар чабуулдарды жасаганын мойнуна алган. Август айында топтун согушкерлери өлкөнүн жогорку имамы Али Жумага кол салышкан.

Ушул эле күнү чиркөөнүн жанында зордук-зомбулукка каршылыгын билдирүү үчүн ондогон адамдар чогулушту. Египеттин президенти Абдул-Фаттах Ас-Сиси өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады. Ал ошондой эле кылмышкерлерди жоопко тартуу үчүн болгон аракетти көрүүнү талап кылды.

Жардыруудан кийин ондогон египеттиктер, көбү мусулмандар зомбулукка каршы акцияга чыгышты.
Жардыруудан кийин ондогон египеттиктер, көбү мусулмандар зомбулукка каршы акцияга чыгышты.

Расмий маалыматтарга ылайык христиан коптор 82 миллион калкы бар Египеттин 10% түзөт.

Ишембиде Гиза пирамидаларына бараткан жолдо уюштурулган жардыруу алты полициячынын өмүрүн алды. Бул окуя үчүн да жоопкерчиликти “Хазм кыймылы” тобу өз мойнуна алган. Алдын ала маалыматка караганда бомба таштанды челекке салынган.

2013-жылы ушул эле Ыйык Марк чиркөөсүнүн жанында жергиликтүү мусулмандар менен христиан коптор кагылышып, анда эки киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG