Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Стамбулдагы кош жардыруу


Стамбулдагы стадиондун жанында болгон жардыруудан кийинки көрүнүш.
Стамбулдагы стадиондун жанында болгон жардыруудан кийинки көрүнүш.

Түркиянын Стамбул шаарындагы удаалаш бомба чабуулдарында мүрт кеткендердин саны 38 адамга жетти.

Түркияда удаалаш жардыруулардан кийин улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Жабыркагандардын жакындары Стамбулдагы оорукананын алдына чогулуп, кабар күтүп турушат.

Ишембинин кечинде Стамбулдагы “Водафон Арена” стадионунда Түркиянын эки белгилүү футбол командасынын беттеши өткөн. Оюн бүткөндөн эки саат өткөндөн кийин стадиондун чекесинде бомба коюлган унаа жарылган. Бир мүнөткө жетип жетпеген көз ирмем ичинде бир жанкечти полиция кызматкерлеринин жанында өзүн жардырып жиберген. Бийлик өкүлдөрү үчүнчү бомба жарылбай калганын билдиришти.

Алгач мерт болгондор тууралуу эч кабар айтылбаганы менен акырында аларды саны 38ди түзгөнү, 160тан ашык киши жаракат алганы белгилүү болду. Алардын ичинде полиция кызматкерлери бар экени кабарланууда.

Жардыруулар Стамбулдагы футбол стадионунун жанында болгон.
Жардыруулар Стамбулдагы футбол стадионунун жанында болгон.

Бул жардырууларга эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек. Бирок Түркиянын премьер-министринин орун басары Нуман Куртулмуш чабуулдарды күрт жоочулары уюштурганын ишара кылды:

- Албетте, азыр бир нерсени так айтуу кыйын. Бирок чабуулда кандай унаа колдонулганын эске алганда Күрт жумушчулар партиясынын изи көрүнүүдө.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун айтымында, бул окуяга байланыштуу 13 шектүү кармалды. Президент Режеп Тайып Эрдоган 11-12-декабрга белгиленген Казакстанга иш сапарын токтотту.

Быйыл Түркиянын аймактарында бир канча бомба чабуулдары болду. Алардын көбүн түрк өкмөтүнө каршы чыккан Күрт жумушчулар партиясы жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу уюштурганы белгиленип келет.

Мындай чабуулдардан үрөйү учкан жөн-жай тургундардын көбү коопсуздукту сактап, жардырууларды алдын алууга мезгил келгенин айтышууда. Алардын бири Стамбулдун тургуну Мустафа Гүлдүр:

- Алар тиешелүү чараларды көрүшү керек болчу. Бийлик өкүлдөрү мындай чабуулдарды алдын алуу үчүн аракет кылат деп үмүттөнөм. Бул биздин өтүнүчүбүз. Биз коопсуздуктан башка эч нерсени сурабайбыз.

Ишембинин кечиндеги жардыруулардан жабыркагандардын көбү полиция кызматкерлери
Ишембинин кечиндеги жардыруулардан жабыркагандардын көбү полиция кызматкерлери

Стамбулдагы соңку чабуул Түркияны сестентип койгон төңкөрүш аракетинен беш ай өткөндөн кийин орун алды. Анда 240тай адам мерт кеткен.

Ага чейин июнь айында Стамбулдун Ататүрк эл аралык аэрпортунда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна таандык делген үч чабуулчу элге ок атып, бомба жардырышкан. Андан 45 адам набыт болуп, жүздөгөнү жаракат алган.

Түркиядагы Эгей университетинин окутуучусу, профессор Танжи Тосун CNN Turk телеканалы менен маегинде террордук чабуулдар жана аларга байланыштуу жаралып жаткан коомдук пикирдин кесепетин эскертти.

- Түркия өтө кыйын бир мезгилди башынан өткөрүүдө. Күрт жумушчулар партиясынын ыгы келген сайын чабуулдарды өткөрүшү Түркиянын беделине доо кетирип жатат. Маселен, террорчулукту алдын ала албаган өлкө деген пикир жаралууда. Мындан тышкары күрт маселеси менен Күрт жумушчулар партиясына бирдей баа берүү аракети да өлкө үчүн кесепети чоң бир көрүнүш.

Жыл башынан бери Стамбулда бир канча чабуул болду.
Жыл башынан бери Стамбулда бир канча чабуул болду.

Түрк бийлиги бир жагынан күрт жоочулары, бир бир жагынан төңкөрүш аракетин уюштурду деп айыпталган гүленчилер менен алектенип жатат. Мындан тышкары Ирактагы жана Сириядагы аскердик операцияларга өз таасирин көргөзүүгө аракет кылып келет. Бирок президент Эрдоган башында турган бул бийлик өлкөнүн ичинде коопсуздукту сактап, чабуулдарды алдын алууга кудурети жетеби деген суроо кабыргасынан коюлуп турат.

Стамбул: стадиондогу кош жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG