Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Аты чырлуу Арипов премьерликке көрсөтүлдү


Абдулла Арипов
Абдулла Арипов

Өзбекстанда премьер-министрликке Абдулла Арипов көрсөтүлдү. Бу киши Гүлнара Каримовага байланыштуу коррупциялык жаңжал боюнча төрт жыл мурда кызматынан айдалган. Саясат талдоочулар болжогондой Рустам Азимов премьерликке көрсөтүлгөн жок.

Абдулла Ариповдун ысымы өзбек коомчулугуна жаңы эмес. 2002-2012-жылдары телекоммуникация, байланыш тармагында түрдүү жетекчилик кызматтарды ээлеп, премьер-министрдин орун басары да болгон.

Ошол эле учурда жаңжалдуу иштерде да аты чыккан. Тагыраагы, ал байланыш компанияларына лицензия берүүдө жемкорлукка барган деп айыпталып, 2012-жылы кызматтан кетип, ага кылмыш иши да козголгон.

Ислам Каримовдун кызы Гүлнара аралашкан, чуусу батышка жеткен швециялык TeliaSonera байланыш компаниясынын ишмердигине тиешелүү чырга анын катышын өзбекстандык журналист Шухрат Бабажанов мындайча чечмеледи:

- Ариповдун бир кол тамгасынан кийин 1 млрд долларга жакын акча Өзбекстандын казынасынан жок болгон. Бул өлкөнүн бир жылдык бюджетинин 7%. Жаңылбасам, саламаттыкты сактоого бир жылга бөлүнүүчү каражаттын жарымы. Биз Швециядагы прокурорлор менен байланыштык. Алар бардык документтерде Ариповдун колу бар экенин тастыкташты. Кылмыш иш ачылып, кайра токтотулган. Кызматтан кеткенден кийин ал бир окуу жайда сабак берип жүрдү.

Мына ошол киши Каримовдун көзү өткөндөн кийин вице-премьер-министрликке кайра дайындалган. Эми аны Өзбекстан либерал демократиялык партиясы, кыскача УзЛиДеП өкмөт башына көрсөтүүдө.

УзЛиДеП Олий Мажлистеги көпчүлүк мандаттын ээси. Буга чейин Ислам Каримов, жакынкы шайлоодо Шавкат Мирзиёев ушул партиядан талапкерликке көрсөтүлүшкөн. Муну эске алганда, 13-декабрдагы жалпы жыйында Арипов айныксыз шайланарына ишенишет.

Алардын бири Францияда жашаган өзбектстандык саясат талдоочу Камолиддин Раббимов. Ал буга чейин Мирзиёевдин үч орун басары - Рустам Азимов, Улугбек Розукулов, Абдулла Арипов каралып жатканын укканын айтат.

Рустам Азимов
Рустам Азимов

Ошол эле учурда талдоочулар да премьер Азимов болот деп күтүшкөн. Анткени, ташкенттик Азимовдун билим, тажрыйбасы, Мирзиёевге тең тайлашкан саясий салмагы эске алынып жаткан. Анын үстүнө, Каримовдун көзү өткөндөн кийин дароо эле мунаса табылса Мирзиёев президент, Азимов премьер болору болжолдонгон.

- Рустам Азимов болушу мүмкүн деп атканда олуттуу бир ката кетириппиз. Анткени, саясий партиялар, парламент, жада калса Конституциянын айрым статьяларында премьер-министрликке талапкерди Мажлисте көпчүлүк добуш алган гана партия көрсөтө алат деп турат. Азимов болсо УзЛиДеПтин мүчөсү эмес. Демек, мыйзамдык жагынан алганда Абдулла Арипов туура көрсөтүлдү. Экинчи жагынан, министрлер кабинетин, дегеле бийликти жаңы президент түзөрүн унутпашыбыз керек. Абетте ал өзүнө ыңгайлуулар менен иштейт. Ырас, Ариповду тандап атса, демек, Азимов премьер-министр катары Шавкат Мирзиёевге анчейин жакпайт, - дейт Раббимов.

Ал Ариповдун ташкенттик болушу аймактын тең салмакка да төп экенин кошумчалады. Ошол эле учурда Азимовдун да бийликтен сүрүлүшү да күмөн. Бийликтен кетчүлөр Каримов менен тең чамалаш, эски советтик жетекчилер дейт Камолиддин Раббимов:

Камолиддин Раббимов
Камолиддин Раббимов

- Эң жакынкы күндөрү көптөгөн аксакалдарды, таасири күчтүүлөрдөн - атайын кызматтын жетекчиси Рустам Инаятовду, Борбордук банктын жетекчиси Муллажановду, президенттин иш башкармалыгын башкарган Зелимхан Хайдаровду баш кылып кетириши мүмкүн. Мирзиёев президент болду. Эми баары аны жагдайдын жаңы кожоюну катары кабыл алышат. Ага кимдир бирөө каяша айтышы күмөн.

УзЛиДеП Ариповду “реформаларды жасоо үчүн жоопкерчиликти көтөрө алган” адам деп мүнөздөөдө.

А Өзбекстан эли болсо жаңы президенттен да реформаларды күтүүдө. Мирзиёев аны аздап жүзөгө ашыра баштагандай, саясий өңүттөн алганда ал жергиликтүү бийлик башчыларын эл шайлоосун сунуштады. Каримов кызматтан айдаган айрым жетекчилерди кайра бийликке алып келди. Саясий туткун делип, көп жыл абакта отургандардын айрымдарын бошотууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG