Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Криштиану Роналду "алтын топту" алды


Криштиану Роналду
Криштиану Роналду

Мадриддин "Реал" клубунда ойногон португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2016-жылдын "Алтын тобунун" ээси болду. Сыйлык 12-декабрда тапшырылды. Бирок, 31 жаштагы спортчу Жапонияда болгондуктан, Парижде өткөн сыйлоо аземине өзү катыша албады.

Футболчулар арасындагы бул абройлуу сыйлыкка Роналдудан тышкары, “Барселона” клубунан Лионел Месси, “Атлетикодон” Антуан Гризманн да талапкер катары көрсөтүлгөн.

Роналду быйыл августта “Европанын эң мыкты оюнчусу” деп табылган. Ал 2008, 2013 жана 2014-жылдары да “Алтын топ” сыйлыгын алган.

Аталган сыйлыкты 1956-жылы France Football журналы негиздеген. Аны эң көп алган футболчу - Лионел Месси. Ал 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары эң мыкты футболчу деп табылган.

2009-жылга чейин France Football журналы сыйлык ээлерин спорт журналисттер арасындагы сурамжылоо аркылуу аныктап келген.

2010-жылы Эл аралык футбол федерациясы менен France Football "Алтын топ" менен "ФИФАнын Жылдын мыкты оюнчусу" сыйлыгын бириктирүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Анын натыйжасында абройлуу "ФИФАнын алтын тобу" сыйлыгы жаралган. Бирок быйыл келишим узартылбай, сыйлык мурдагы форматында аныкталды. (SE)

XS
SM
MD
LG