Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:58

Азимжан Аскаровдун бүгүнкү сотунда кийинки жараян 20-декабрга белгиленип, анда тараптар жарыш сөзгө өтмөй болушту. Бул тууралуу Чүй облустук сотунан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн эки саат бою сот, айыпталуучу жана прокурорлор иштин материалдары менен таанышты. Судья далилдерди иликтөө аяктаганын, эми жарыш сөздөр башталарын айтты.

65 жаштагы Азимжан Аскаров Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда укук коргоочулук менен алектенген. 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда "улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан" деген айып тагылып, өмүр бою абакка кесилген. Укук коргоочулар, адвокаттар жана Аскаров өзү да күнөөнү күч менен моюнга алганын айтып келишет. Тергөө муну менен макул эмес.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камалганын айтып, бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган болчу.

4-октябрда башталган сот иши ар аптанын шейшемби күнү Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде өтүүдө. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG