Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Кыргыз балбандары Беларуста үч алтын медал утушту


Таймашка катышкан кыргызстандык балбан кыздар.
Таймашка катышкан кыргызстандык балбан кыздар.

Алыш күрөшү боюнча Беларуста өткөн Дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбандар үч алтын медал утушту. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, 17 мамлекеттин спортчулары катышкан таймаштар 10-11-декабрь күндөрү Минск шаарында болду.

Кыргызстандан баргандар арасында 70 кг чейин салмакта Ирлан Казбек уулу жана Алтынай Мамарасул кызы, 90 кг чейин салмакта Кайрат Маматзакиров биринчи орунду алышты. Ошондой эле 75 кг чейин салмакта Дилдора Рахманова күмүш, 90 кг салмакка чейин Кадыр Келсинбеков коло медал тагынышты.

XS
SM
MD
LG