Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Кара-Балта: "Жаңы шаар" партиясы шаардык кеңештен четтетилди


Кара-Балта шаары.
Кара-Балта шаары.

"Жаңы шаар" партиясы Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешине өткөн жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка караганда, 18-декабрда БШК мүчөлөрү жыйынга чогулуп, аталган партияга байланышкан маселени талкуулаган. Жыйынтыгында 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо "Жаңы шаар" партиясынын алган добуштары жокко чыгарылды.

Буга чейин Жайыл райондук ички иштер башкармалыгы бул партия шайлоочуларды сатып алганы тууралуу материалдарды БШКга жолдогон. Шаардагы «Азия-2»базарынын жетекчиси Зууракан Сегизбаева баласы менен кызы талапкер катары катталган аталган партияга добуш берүүгө элди үгүттөп жүргөнү, кол алдында иштеген сатуучулардан кеминде он шайлоочу табууну талап кылганы жана баш тарткандарга ижара акыны жогорулатууну айтып коркутканы кабарланып, кылмыш иши козголгон.

Кара-Балтадагы жаңжалдан улам Жайыл райондук прокурору Алтынбек Намазалиев, райондук ички иштер бөлүмдүн жетекчиси иштен алынган.Чүй облустук прокурору Азат Өскөнбаевге жана облустук милиция башчысына катуу сөгүш берилген.(NT)

XS
SM
MD
LG