Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Орус жарандыгын "саткандардын" азгырыгы


Москвада метро курган мигранттар
Москвада метро курган мигранттар

Мурдагы Советтер союзунун жашоочулары 2020-жылга чейин орус жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алса болот. Мындай мыйзамды декабрдын башында Мамлекеттик Дума кабыл алган. Ал эми диаспора өкүлдөрү мигранттарды орус жарандыгын алууда ортомчуларга алданбай, этият болууга чакырышат.

“Орус жарандыгы жеңилдик менен берилет экен” деген кабар чыгары менен мигранттарга жарандык алып берүүнү кепилдик кылып, өз кызматтарын сунуштаган ортомчулардын жарыялары көбөйдү.

Мигранттар көп катталган интернет булактарда азыр орус жарандыгы 100 миң рублга бааланууда. Бул кызматты сунуштагандардын бири Бакыт аттуу мекендешке чалдык:

- Жаңы жылдан кийин кайрылыңыз. Орус паспорту бар жакын туугандарыңыз болсо, жарандык алуу оңой. Жарым жылда алып беребиз. Андай болбосо, эки жылга чейин созулушу мүмкүн. Биз керектүү документтерди даярдап беребиз, анан сиз биз айткан жерлерге эки-үч жолу көрүнүп коёсуз, ошону менен иш бүтөт.

Мигрантты "байлаган" энелик капитал

Мигрантты "байлаган" энелик капитал

Орусияда орус жарандыгын алып, Энелик капитал деп аталган мамлекеттик программанын негизинде берилчү каражатка үй же жер алууну көздөгөн кыргызстандык мигранттардын саны арбыды.

Орус жарандыгы менен Москвада жумушка орношуу оңой, айлык акы көбүрөөк, андан тышкары полициянын рейддеринен коркпой жашоого шарт түзүлөт.

Буга чейин орус жарандыгы кыргызстандыктарга жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен 2008-жылдары берилген. Анда жарандыкты жашаган жерге үч айлык каттоого туруу менен эле алууга мүмкүн болгон. Жарандык алууга жетишип калган Назгүл Алтыбаева мындай деди:

- Менин агамдын жарандыгы, Москва четинде турак-жайы бар эле. Ошон үчүн өзүм алгам. Документ тапшырган жерлерде “мен мынча бердим, мен анча бердим” деп айтып жаткандар көп болчу. Орус паспортунун жакшы жагы каалаган жерге жумушка орношо аласың. Анан социалдык камсыздоосу жакшы баланы мектепке бересиңби, ооруканага барасыңбы жеңилдик, өзгөчө шарт бар да. Полиция да негизсиз асылбайт.

Дагы бир мекендешибиз Нурали жарандыкты он жыл мурун алган. Ал ошол убакта деле ортодо жарандык алып берем деп акча өндүргөндөр болгонун айтты:

- Эки жолу бар эле. Биринчиси - өзүң чуркап алсаң, экинчиси - тааныштар аркылуу алчусуң. Кыргызстандагыдай бул жерде да тааныш менен акча роль ойнойт. Мен ошондо жарандыкты эки ай ичинде 40 миң рублга алгам.

Эгемендүүлүк жылдары 580 миңден ашуун кыргызстандык орус жарандыгын алганы айтылып келет. Бирок алардын бүгүнкү күнгө чейин такталган саны белгисиз.

Москвада мигранттар нааразылык билдиришти

Москвада мигранттар нааразылык билдиришти

Москвада мигранттар полициянын ыксыз текшерүүлөрү көбөйүп, кыргызстандыктарга кысым күчөгөнүнө нааразылык билдирип элчиликке барышты.

Диаспора өкүлү Абдыганы Шакиров бул ирет “орус жарандыгы жөнөкөйлөштүрүлүп берилип жатат” деген менен кыргызстандыктарды ортомчуларга кайрылууда этият болууга чакырды:

- Азыркы маалымат боюнча, Советтер союзу тарагандан кийин башка жарандык албай, союздун паспорту менен жүргөндөргө чоң мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Анан жакын туугандары орус жарандыгын алгандарга шарт түзүлүп жатат. Кыргыз жарандарына карата ал кандай болору белгисиз. Бирок мен бир нерсени эскертип кетким келет. Этият болууга чакырам. "Путин өзү айтты го, жарандык алып берем” деп алдагандар көп болот. Акчасын, паспортторун алып качкандар дагы чыгат. Орус жарандык менен каалаган жумушка кирем, көбүрөөк акча табам деген пикирлер эл ичинде көп да.

Мамдумада кабыл алынган мыйзам боюнча Советтер союзунун паспорту менен Орусияга 2002-жылга чейин келгендерге гана орус жарандыгы жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен берилет. Алар башка өлкөнүн жараны болбошу керек. Ошоной эле бул жолкусунда жарандык ала тургандар орус тилден тест тапшырып, каржы булагын ачык көрсөтүшү зарыл.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG