Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Президентке ишеним...


11-декабрь, 2016-жыл
11-декабрь, 2016-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев Индия сапарынын жүрүшүндө өзүнө калктын 80 пайызы ишеним артарын ырастады.

Президенттин айтканы канчалык негиздүү? “Арай көз чарай” талкуусуна Жогору Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, саясат таануучулар Кубан Абдымен жана Даниел Кадырбеков катышты.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев Индияга сапарынын жүрүшүндө Gallup институтунун сурамжылоосуна таянып, өзүн калктын 80 пайызы колдорун билдирди. Президенттин айтымында, мындай колдоо менен бир нече жолу өлкө башында калууга мүмкүнчүлүгү барын, бирок бир мөөнөттөн кийин кетип, бийликти тапшырарын айтты.

Равшан мырза, президентти өлкө жарандарынын 80 пайызы колдойт деген маалыматты кандай негиздесек болот?

Бакиев бийликтен кетерине бир ай калганда Ынтымак курултайын өткөрүп жатып “элдин көпчүлүгү мени колдойт, мен өлкөдөгү бардык адамдардын башын бириктирип турган саясий фигурамын” деп айтканы бар. Ошондон бир ай өтпөй нааразы болгон эл чогулуп, аны кууп чыкты.
Равшан Жээнбеков

Равшан Жээнбеков: Мен президент бул сөзүн кандай маалыматтарга таянып айтканын билбейм. Бирок мен бир нерсени белгилегим келет. Биринчиден, эл аралык уюмдар же жергиликтүү аналитикалык борборлор өз жыйынтыгын кандай чыгарбасын так эсептөөгө болбойт деп айта алабыз. Социологиялык иликтөө жыйынтыгы менен бүтүм чыгаруу кыйын.

Мунун далили катары бир нерсени айта кетейин. Акаев да "мага элдин колдоосу жогору" дечү, ал эми Бакиев бийликтен кетерине бир ай калганда Ынтымак курултайын өткөрүп жатып “элдин көпчүлүгү мени колдойт, мен өлкөдөгү бардык адамдардын башын бириктирип турган саясий фигурамын” деп айтканы бар. Ошондон бир ай өтпөй нааразы болгон эл чогулуп, Бакиевди кууп чыкты. Ошондуктан, президент Атамбаевдин айткан сөзүндө ынаным жок деп эсептейм. Өзүнүн ички сезимине таянган көз карашы болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Кубан мырза, бул жаатта сиздин пикириңиз кандай?

Кубан Абдымен: Чындап келгенде, коомдо бийликке көз караштар ар түрдүү болот. Бул жакта айтылып жаткандардын көбү жүйөлүү. Муну эч ким талашпайт. Бирок чындап эле иликтөө жүргүзгөн борборлордун жыйынтыгын таразага салсак, анда Кыргызстандын ичиндеги коомдук пикир, элдин колдоосу канчалык экенин тактоого болот.

Мен Gallup институтунун жыйынтыгын өз көзүм менен көргөн жокмун, бирок бул борборго ишенүүгө болот.

Мен башкага токтоло кетейин, азыркы президент бир жылдан кийин кетерин, бирок быйылкы жылдагы ийгиликтер башаты жыл башынан бери уланып келатканын айтты. Негизги окуяларды алганда, коомдун көпчүлүк катмарларына жаккандай эске салып кетти.

2015-жылы президент өзү баш болуп колдогон Социал-демократиялык партия шайлоочулардын 27 пайызын гана алды. Бул абдан төмөн көрсөткүч деп ойлойм.
Даниел Кадырбеков

“Азаттык”: Даниел мырза, негизи эле президент мындай билдирүүлөрдү жасоодо эмнеге таянышы керек? Өлкө башчысына ишеним критерийлери кандай болушу зарыл?

Даниел Кадырбеков: Менин пикиримде, президент эң жогорку мамлекеттик кызматты ээлеп турган соң сүйлөгөндө бир нерсеге таянышы керек. Өлчөп, санап, кайра тактала турган маалыматка таянышы керек.

“Азаттык”: Gallup институтунун жыйынтыгына таянып жатпайбы?

Даниел Кадырбеков: Мындай иликтөөнү издеп, эч кайсы жерден таба алган жокмун. Биздин президентке ишенимди шайлоонун жыйынтыгы менен өлчөсө болот деп ойлойм. Мисалы, 2015-жылы президент өзү баш болуп колдогон Социал-демократиялык партия шайлоочулардын 27 пайызын гана алды. Бул абдан төмөн көрсөткүч деп ойлойм.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG