Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Учак кырсыгынан каза тапкандарга Орусия аза күтүүдө


Аза күтүү.
Аза күтүү.

Бүгүн Орусияда учак кырсыгынан каза тапкандарга аза күтүүдө. Москвадагы Концерттик залдын алдына адамдар гүл коюп, шам жагууда. Бул залда учак кырсыгынан курман болгон Александров атындагы ыр-бий ансамблинин кызматкерлери өз өнөрлөрүн тартуулашчу.

Сочидеги аэродромдон Сирияга бараткан Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы 25-декабрда Кара деңизде кыйраган. Анын ичиндеги 92 адамдын баары курман болду. Арасында онго чукул журналист жана Александров атындагы ансамблдин 68 артисти, “Адилеттүү жардам” фондунун жетекчиси Елизавета Глинка да бар болчу.

Кыйроого техникалык мүчүлүштүк, экипаждын катачылыгы, начар күйүүчү май себеп болушу мүмкүн деген болжолдор каралып жатат.

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков издөө учурунда 11 адамдын сөөгү табылганын билдирди:

-Издөө жыйынтыгында 11 адамдын сөөгү жана кыйраган учактын 154 фрагменти табылды. Кырсык болгон жерде издөө-куткаруу тобунун курамы көбөйтүлүп жатат. Издөө иштери үч нөөмөт менен жүрүүдө. Анын саны 3,5 миңден ашык адамды түздү.

Коргоо министринин орун басары Николай Панков кырсыктан министрликтин алдындагы Александров атындагы ансамблдин 68 өнөрпозу каза болгонун ырастап, “жоготуу абдан чоң” экенин билдирди. Музыканттар Сириянын Латакия аймагында операцияга катышып жаткан аскерлерди жаңы жылда куттуктоо үчүн бараткан. Панков музыкалык ансамбль өз ишин улантарын жана жоготуулардын ордун толтуруу үчүн тыным албай иштерин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG