Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Пакистанда 20дай киши арактан мерт кетишти


Пакистанда расмий түрдө мусулмандарга арак сатууга жана ичүүгө тыюу салынган.
Пакистанда расмий түрдө мусулмандарга арак сатууга жана ичүүгө тыюу салынган.

Пакистанда колго жасалган аракка ууланып 21 киши көз жумду. Ондогон адамдар ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү полиция кабарлады. Окуя баш калаа Исламбаддан 330 чакырым алыстыкта жайгашкан Тоба-Тек-Сингх шаарында болгон. Франс-Пресс агенттиги жазгандай, жабыркагандардын көбү христиандар. Аракты алар Иса пайгамбар күнүнө карата өзүлөрү жашыруун жасашкан.

Пакистанда расмий түрдө мусулмандарга арак сатууга жана ичүүгө тыюу салынган. Чет өлкөлүктөргө жана диний азчылыктарга алкоголдук ичимдиктер чектелип сатылат. Мындан улам калктын жакыр катмары өзүлөрү арак ачытып ичишет.

Ушул жылдын октябрь айында колго жасалган арактан ууланып 11 адам өлсө, 2014-жылы 29 киши көз жумган.

Орусияда соңку эки аптанын ичинде колго жасалган “Боярышник” косметикалык каражатын ичип 77 киши көз жумду. 26-декабрдан тарта Орусияда курамында спирт бар суюктуктарды сатууга тыюу салынды.

XS
SM
MD
LG