Бул тууралуу “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтуусунда, кийинки жылдын башында партия курултай өткөрүп, бул маселе боюнча чечим кабыл алат.
- Президенттик шайлоодо мамлекетти жетектейм деген адамды тандайбыз. Ал өз жоопкерчилигин сезип, кандай иштерди жасайм деген планы болуш керек. Президент болуп отуруп, ишти эмнеден баштайм дегендей болбошу керек. Ошондуктан, биз партия менен кеңешип чечим кабыл алабыз,- деди Бабанов.
Өмүрбек Бабанов “Республика-Ата Журт” партиясы өлкөнүн саясий айдыңындагы эң маанилүү саясий күчтөрдүн бири экенин эскертип, буга акыркы шайлоонун жыйынтыгын мисал келтирди.(BkA)