Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Түркияда төңкөрүш аракети боюнча сот башталды


15-июлдагы төңкөрүш аракети боюнча Стамбулдагы соттук териштирүүдө 29 полиция кызматкерине мамлекеттик бийликти кулатуу жана террордук уюмга мүчө болуу айыптары коюлду. Прокурорлор 21 полицияны өмүр бою, сегизин 7,5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууну талап кылды.

15-июлдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу Түркияда 40 миңден ашуун киши кармалган. Төңкөрүш аракети учурунда 270тин тегерегинде адам өлүп, түрк бийлиги кутум үчүн АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптаган. Гүлен өзү аны четке кагып келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG