Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:07

Түркмөнстанда президенттикке тогуз талапкер катталды


Ашхабад.
Ашхабад.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары 27-декабрда кабарлады. Өлкөдө президенттик шайлоо 12-февралда өтөт. Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан президенттикке талапкер катары катталгандар арасында Мары облусунун башчысынын орун басары Жуманазар Аннаев, парламент мүчөсү Рамазан Дурдыев, Дашогуз чөлкөм башчынын орун басары Меретдурды Гурбанов жана башка кызматкерлер, ири ишкана башчылары бар. Алардын баары катталды. Буларга чейин Түркмөнстандын азыркы президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана башка бир нече талапкер катталган болчу.

Бердымухамедов 25-декабрда улуттук телеканал аркылуу өзүнүн программасын жарыялады. 59 жаштагы Бердымухамедов 2006-жылдан бери өлкөнү жетектеп келатат. Түркмөнстанда бир дагы шайлоо батыш тарабынан эркин жана чынчыл деп тааныла элек. (AiT)

 

 

XS
SM
MD
LG