Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Молдованын президенти Приднестровье башчысы менен жолугат


Молдова президенти Игорь Додон.
Молдова президенти Игорь Додон.

Бул тууралуу Молдова президенти Игорь Додон "Фейсбуктагы" баракчасында жазды. Приднестровьенин башчысы Вадим Красноселький менен жолугушуу 4-январга белгиленген. Додондун айтуусунда, жолугушуу Приднестровье маселеси боюнча сүйлөшүүнү активдештирүү үчүн зарыл. Бул маселе 17-январда Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүдө да негизги маселе болмокчу.

Красносельский 2006-жылдагы референдумдун негизинде Приднестровьенин көз карандысыздыгына жана Орусия менен тыгыз байланышка артыкчылык берерин билдирген.

Бирок Приднестровьенин көз карандысыздыгы боюнча референдумду Молдова жана эл аралык коомчулук тааныган эмес.

Ноябрь айындагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Игорь Додон Приднестровье маселесин чечүүгө убада кылган.

500 миңдей калкы бар Приднестровье 1991-жылы СССР тараган мезгилде өзүн өз алдынча республика деп жарыялаган. Молдова менен жикчилдер ортосунда согуш чыгып, эки тараптын араздашуусу күчөгөн. 2006-жылы Приднестровье референдум өткөргөн.

XS
SM
MD
LG