Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Филиппинде диний согушкерлер абакка кол салды


Филиппин коопсуздук күчтөрү. 4--январь, 2017-жыл
Филиппин коопсуздук күчтөрү. 4--январь, 2017-жыл

Өлкөнүн түштүгүндөгү Кидавапан шаарындагы абакка кол салган учурда 130дан көп адам бошотулган. Кол салгандар жикчилдер менен байланышта экени айтылууда. Ал эми абактан бошотулгандардын көпчүлүгү алардын пикирлештери жана полиция кызматкерлерин өлтүрүү боюнча айыпталган мусулман жоочулары деп аталууда.

2014-жылы филиппин өкмөтү козголоңчулардын эң ири “Морону бошотуу ислам фронту” аттуу тобу менен тынчтык келишим түзгөн. Бирок башка майда топтор менен кагылышуулар чыгып турат. Алардын айрымдары “Ислам мамлекетине” баш ийерин жарыялашкан.

Филиппиндин түштүгүндө диний жикчилдер 40 жылдан бери автономия үчүн күрөшүп келатат. Анын учурунда 120 миңден көп киши өлгөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG