Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Кыйырга тараган кыргыз паспорту


Иллюстрация
Иллюстрация

Түркияда айрым маалымат каражаттары Стамбулда теракт жасаган адам менен байланышта болгон деген шек менен кармалгандардан кыргыз паспорттору табылганын жазып чыгышты.

Бирок Измирде кармалган шектүүлөрдүн арасында Кыргызстандын жарандары болбогонун Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Бул окуя жасалма паспорттор боюнча кыргыз коомчулугундагы талаш-талкууну жандантты.

Каттоо кызматы дооматтарды четке кагат

Былтыр жазында Стамбулда аэропорттон уйгур тектүү 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалган. Чуулгандуу мындай ишти иликтеп-териштирүүнүн аягы эмне менен бүткөнү дале белгисиз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кыргыз паспорттору боюнча соңку жагдай териштирилип жатканын билдирди. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев террорчу менен байланышта болгон деген шек менен кармалган адамдардын жанынан табылган документтер жасалма болушу мүмкүн экенин айтты.

Жасалма паспортторго байланышкан абал соңку учурда жөнгө салынып калды деп билдирди:

- Азыр биздин паспортторду көмүскө, мыйзамсыз жол менен даярдап жатышпайбы. Азыр деле ошондой болушу мүмкүн. Мына акыркы 1,5 жылда бизде жасалма паспорт даярдоо фактысы болгон жок. Кошумча чараларды биз биринчи күндөн тарта эле көрө баштаганбыз. Биз азыр электрондоштурууга өтпөдүкпү. Мен тактамайынча мындан башка эч кандай маалымат бербейм.

Паспорт мафиясын ким калкалайт?

Паспорт мафиясын ким калкалайт?

Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо фактыларынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Паспорт боюнча көз боёмочулукту кимдер, кантип ишке ашырып жүрүшөт? Соңку окуялар өлкөнүн эл аралык беделине, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?

Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров “Азаттыктагы” маегинде жасалма паспорттордун берилишин тыюу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу түшүндүрмө берген. Бул маселе мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө экенин белгилеген:

- Бул боюнча даректүү иш жүрүп жатат. Паспортту коргоо системасы канчалык өнүксө жасалма паспорт даярдагандар дагы жаңы технологияларды колдонуп, пайдаланышат экен. Бүгүнкү күндө бул маселеге мамлекет көңүл бурбай койду деген сөздөр туура эмес. Укук коргоо органдары да, биз да, башка тараптан да бул боюнча иштеп жатабыз. Ушул тушта буга чейинкидей биздин паспорттордун дүйнө жүзүнө тарап кеткен учур жок. Бирин-экин болушу мүмкүн, бирок ошол процесстерди дагы токтотууга, алдын алганга жетишип жатабыз.

Жасалма паспорттор маселеси Жогорку Кеңеште бир канча жолу көтөрүлгөн. “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев мисалы паспорт берүү Мамлекеттик каттоо кызматынан Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилиши керек деп эсептейт:

- Жасалма биздин паспорттор бир катар мамлекеттерден, кримтөбөлдөрдөн, олигархтардан табылган. Кыскасы кимдин акчасы болсо ошолордун баары эле сатып ала берген учурлар болгон. Мен Мамлекеттик каттоо кызматын эң коррупциялашкан мамлекеттик орган деп билем. Бул орган боюнча маселени кайра дагы бир жолу карап, көтөрө турган учур болуп жатат. Анткени жетиштүү чаралар көрүлгөн жок, коррупциялык айла-амалдар дагы деле жоюлбай, токтобой жатат. Мен парламентте комитеттин төрагасы болуп турганда муну өкмөт карасын деп комитет чечимин, Жогорку Кеңештин токтомун дагы чыгарганбыз. Паспорт берүүнү кайра ИИМге берүү керек. Алар погон менен жүрөт. Бул чынында эле өтө көйгөйлүү маселе.

Мен мисалы жасалма паспорт даярдаган, документти мыйзамсыз берген адам кесилди, катуу жаза алды дегенди уга элекмин. Ошондуктан мындай кыла берсе болот экен, иштей берсе болот экен деген, жазага тартылбай калат экенсиң деген жаман тенденцияга айланып да калды.
Эрлан Сапарбаев

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эрлан Сапарбаев жасалма паспортторго байланыштуу дагы башка маселелерге көңүл бурду:

- Биринчиден, Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген адистердин айлык-маянасын, социалдык жактан камсыздоону жакшыртуу керек. Мисалы, беш миң сом алган адиске 50 миң сом берсе баарына көз жуумп туруп эле документти мыйзамсыз берип коюп жатпайбы. Экинчи маселе ошол адистердин жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат. Эгер мыйзамсыз, жасалма документ берилсе, ошону берген адам катуу мыйзам чегинде жазага тартылышы керек. Мен, мисалы, жасалма паспорт даярдаган, документти мыйзамсыз берген адам кесилди, катуу жаза алды дегенди уга элекмин. Ошондуктан мындай кыла берсе болот экен, иштей берсе болот экен деген, жазага тартылбай калат экенсиң деген жаман тенденцияга айланып да калды.

Жасалма кыргыз паспорттору боюнча коомчулукту дүңгүрөткөн окуя былтыр май айында катталган эле. Түркиянын Стамбул шаарында аэропортто 98 уйгур тектүү кытай жарандары кармалган. Алар кыргыз паспорттору менен Сауд Арабияга учканы жатканы белгилүү болгон. Бул чуулгандуу окуяга төрт кыргыз жаранынын тиешеси бардыгы айтылган. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгону менен анын аягы эмне менен бүткөнү азыркыга чейин белгисиз.

Андан мурдагы жылдары Грузиянын кримтөбөлдөрү кыргыз паспорттору менен кармалган. Бозгунда жүргөн казак банкири, оппозиционер Мухтар Аблязов башка бир адамдын атынан кыргыз паспортун жасатып алганы белгилүү болгон.

"Азаттыктын" архиви: 28.07.2016

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG