Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Трамп Орусия киберчабуулга аралашканына ынандыбы?


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Дональд Трамп АКШнын чалгын кызматтарынын Орусиянын киберчабуулдары тууралуу тыянагын кабыл алаарын анын жардамчысы билдирип чыкты.

Саналуу күндөрдөн кийин дүйнөдөгү эң таасирдүү өлкөлөрдүн бирин башкарууга кирише турган Дональд Трамп Москванын президенттик шайлоодогу ролун буга чейин бир нече ирет четке кагып келген. Ал муну саясий каршылаштарынын өз жеңишине шек келтирүү аракети катары мүнөздөгөн.

Эми Трамп чалгын жамаатынын Орусиянын Америкадагы президенттик шайлоого таасир этүүгө аракет кылганы тууралуу тыянагын кабыл алаарын Ак үй аппаратынын болочоктогу жетекчиси, Республикачылар партиясынын улуттук комитетинин төрагасы Райнс Прибус билдирди.

- Ал Орусия жана башка объекттер киберчабуулдарга аралашканы тууралуу фактты кабыл алат , - деди Прибус.

Жон Маккейн баштаган айрым республикачыл сенаторлор киберчабуулдарга Орусияны айыптап келет.
Жон Маккейн баштаган айрым республикачыл сенаторлор киберчабуулдарга Орусияны айыптап келет.

Киберчабуулдар боюнча Орусияны башынан бери күнөөлөп келген республикачылардын сенатору Линдси Грэм NBC телеканалына курган маегинде Трампка кайрылып, орус тарапты жазалоого чакырды:

- Эгер башкы чалгынчылардын маалыматын уккандан кийин да Дональд Трамп Орусиянын кылгандарынан күмөн санап турса, анда бул өтө кабатырлануу жараткан жагдай. Себеби далилдер анык. Мен андан Орусия кийлигишкенин кабыл алуусун жана жооп кайтаруусун гана сурап жатам. Кийинки жолу Иран же Кытай болуп калышы мүмкүн. Бул жолу демократтар болсо, кийинки шайлоодо республикачылар бутага кабылышы ыктымал.

АКШнын чалгын агенттиктери өткөн аптанын соңунда Орусиянын президенти Владимир Путин Трампка жардам берүү үчүн жана Америкадагы президенттик шайлоого таасир этүү үчүн хакердик кампания жүргүзүүгө буйрук берген деген тыянакка келишкен. Алардын баяндамасынын ачык жарыяланган бөлүгүндө бул өнөктүк демократтардын талапкери Хиллари Клинтондун аброюна шек келтирүү аркылуу Трампка жардам берүүнү көздөгөнү айтылган.

- Орусиянын максаты - АКШдагы демократиялык процесске карата коомдун ишенимине доо кетирүү, мамлекеттик катчы Клинтонду негизсиз сындоо жана анын шайланып келүү мүмкүнчүлүгүнө зыян келтирүү болгон, - деп белгиленген 25 барактан турган баяндамада.

Демократтардын талапкери Хиллари Клинтон
Демократтардын талапкери Хиллари Клинтон

Дональд Трамп АКШнын атайын кызматтарынын баяндамасы менен таанышкан соң хакердик кийлигишүүгө каршы чечкиндүү чара көрөрүн билдирген. Трамп өз администрациясы 20-январда президенттик кызматка киришкен соң 90 күн аралыгында киберчабуулдарды токтотуу жана күрөшүү үчүн атайын план иштеп чыгаарын жарыялаган.

Жаңы администрация Орусия хакердик чабуул жасаганына ынанганы менен шайлоонун жыйынтыгына таасири болбогонун белгилеп келет.

- Жасалган аракеттер ийгиликтүү аяктадыбы деген суроо бар. Басылмалар канчалык Хиллари Клинтонду колдобосун Орусия аракет жасаганын мойнуна алышты, бирок эч ким Орусия өз максатына жетти деп айткан жок, - деди Трамптын башкы кеңешчилеринин бири Келлиан Конвей.

АКШнын соңку тарыхындагы эң көп талаш жараткан президенттик шайлоо өнөктүгү малында Демократиялык партиянын лидерлеринин жана талапкер Хиллари Клинтондун кампания башчысы Жон Подестанын хакердик жол менен алынган электрондук каттары ачыкка чыгып кеткен. Алардын айрымдарында партиянын жетекчилиги Берни Сандерс эмес, Хиллари Клинтондун негизги талапкер болуусу үчүн жан үрөгөнү айтылган. Каттарды жарыялаган “Викиликс” уюмунун негиздөөчүсү Жулиан Ассанж бул маалыматтарды орус өкмөтүнөн албаганын билдирген. Орус тарап да хакердик чабуулдарга тиешеси жоктугун айткан.

Кызматтык мөөнөтү аяктап бараткан президент Барак Обама Орусиянын киберчабуулдары шайлоонун жыйынтыгына таасир этти деген ойлорду түздөн-түз колдобосо да Орусия хакердик аракеттери менен АКШнын ишине кийлигишкенин белгилеп, коопсуздук кызматтарына аны иликтеп чыгууну тапшырган. Ошондой эле киберчабуулдар үчүн Орусияга жаңы санкцияларды жарыялап, 35 орус дипломатын өлкөдөн чыгарган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG