Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Трамп БУУну реформалагысы келет


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп кызматка киришкенден кийин Бириккен Улуттар Уюмунда реформалар жана өзгөрүүлөр жасалышын талап кылаарын анын басма сөз катчысы билдирди.

Кошмо Штаттардын жаңы администрациясынын Бириккен Улуттар Уюмуна карата саясаты мурдагы калыптан башкача болоорун соңку кабарлар ишара кылууда. Эки жумадан кийин президенттик кызматка кирише турган Дональд Трамп БУУда реформаларды жана өзгөрүүлөрдү талап кылаарын анын басма сөз катчысы Шон Спайсер билдирип чыкты. Анын айтымында, Трамп АКШнын уюмга бөлгөн каражаттарынын натыйжалуу колдонулушун каалайт.

Америка дүйнөлүк уюмга эң көп акча берген өлкө. Уюмдун бюджетинин 22 пайызы же 5,4 миллиард доллар АКШдан келет. Ошондой эле Америка БУУнун тынчтыкты сактоочуларына бөлүнгөн каражаттын 28 пайызын же 7,9 миллиард долларын берет.

Буга чейин Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгинде жөөт конуштарын кеңейтиши сыяктуу маселелер боюнча БУУда талаш жаралып, айрым республикачыл президенттер дүйнөлүк уюмду каржылоону токтотуп коебуз деп коркуткан учурлар болгон.

Трамп 23-декабрда Израилди жөөт конуштарын кеңейтүүнү токтотууга чакырган резолюция үчүн БУУну кескин сындап чыккан. Ал кызматка киришкенден кийин “жагдай башкача болот” деп убада берген. Уюмдун натыйжалуулугун буга чейин да бир нече жолу сынга алган Трамп бул темага өткөн аптада Флоридада да токтолгон эле:

- Бириккен Улуттар Уюмунун укмуштуудай потенциалы бар. Бирок ал потенциалды колдоно албай жатат. БУУ маселени чечкенин качан көрдүңөр эле? Жок, чечкен эмес. Алар маселеге себепкер болушат.

Трамп бул сөзүнөн кийин: “Улуттар уюму эл чогулуп сүйлөшкөн жана жакшы убакыт өткөргөн гана клуб. Бул өтө өкүнүчтүү”,-деген оюн Твиттерге жазган.

БУУнун жаңы баш катчысы Антониу Гутерреш Трамптын жазганына жооп кылып, уюмдун потенциалы чоң деген ойго кошулаарын, бул мүмкүнчүлүктү чындыкка айлантууну өз милдети катары көрөөрүн айткан. Гутерреш кызматтагы алгачкы күнүндө (3-январда) БУУнун кызматкерлерине жана дипломаттарга кайрылып, уюм кыйын учурду башынан өткөрүп жатканын, колдоо керектигин айткан:

БУУнун жаңы Баш катчысы Антониу Гутерреш
БУУнун жаңы Баш катчысы Антониу Гутерреш

- Улуттар уюмунун ролунан күмөн санагандар көп. Менимче, уюм катары жасаган иштерибиз жана жетишкендиктерибиз үчүн сыймыктанганыбыз маанилүү. Ошол эле учурда БУУнун өнүгүү системасын уюмга мүчө мамлекеттер сурангандай кылып реформалоо үчүн аракет кылышыбыз керек.

Баш катчы кызматтагы экинчи күнүндө болсо Дональд Трампка телефон чалып, АКШ менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты талкуулаганы белгилүү болду. Уюм бул сүйлөшүү өтө позитивдүү манайда өткөнүн кабарлады.

Деген менен айрым америкалык маалымат каражаттары республикачыл конгрессмендер АКШнын Улуттар уюмуна бөлгөн каражатын азайтуучу мыйзамды даярдап жатканын жазып чыгышты.

Кантсе да АКШнын БУУ тууралуу анык позициясы Дональд Трамп 20-январда кызматка расмий киришкенден кийин белгилүү болот. 193 мамлекет мүчө болгон дүйнөлүк уюмдун жаңы баш катчысынын күн тартибинде АКШнын жаңы президенти менен тил табышуу маселеси турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG