Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Араван: бычакташтырган баскетбол


Оштун Араван районунда мектеп окуучуларынын жаңжалынан үч окуучу бычак жеп, ооруканага түштү. Учурда кылмышка шектүү балдар кармалып сурак берүүдө.

Ош облусунун Араван районундагы Төбө-Коргон айыл аймагына караштуу Жаңы-Абад жана Уйгур-Абад айыл окуучуларынын чатагына баскетбол мелдешиндеги түртүшө кетүү себеп болгон.

Оюн бүткөндөн кийин 9-10-11-класстардын окуучулары түртүшүүнүн төркүнүн сүйлөшүү үчүн түнү жолукканда чатак андан бетер ырбап, бычакташууга жеткен. Натыйжада үч окуучу бычак жеп, биринин мээси чайкалган абалда ооруканага түшкөн.

Алардын бири далысынан жаракат алган Манасбек Мамадалиев буларды айтат.

- Биз баскетболго барганбыз. Ал жерде бир үкөбүз берки айылдыктардын бири менен түртүшө кетти. Анан биз сүйлөшөлү деп барсак алар түнү жолугалы дешти. Мен үйгө барып тамак ичип бүткөндөн кийин досторум чалып, кошуна айылдын балдары жолугууга чакырып жатканын айтты. Биз дагы эки айылдын ортосундагы талаага чогулуп бардык. Сүйлөшүп жатып бир бала менен Элзат деген досубуз айтыша кетти. Анан Санат деген досубуз аны урду. Ошол учурда бирөө мени уруп качты. Мен кууп баратканда бирөө артыман урду. Ошол убакта Элзат жардам сурап кыйкырып калды. Аны жолго алып чыгып машине тостук.

Окуучулардын урушу өлүм менен аяктады

Окуучулардын урушу өлүм менен аяктады

Кочкор районунда 10-класстын беш окуучусу мушташа кетип, натыйжада эки өспүрүм бычак жеп бири ошол жерден каза болуп, экинчиси оор акыбалда райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Түнкү саат он жарымда "Тез жардам" менен райондук ооруканага түшкөн окуучулардын бири мойнунан жаракат алгандыктан ал дароо Ошко жөнөтүлгөн. Учурда анын абалы канааттандырарлык экени айтылууда. Араван райондук ооруканасынын башкы дарыгери Усманжан Мамажанов калган үч окуучунун абалы тууралуу буларды айтты.

- Үч окуучу бала бычактан алган жаракаттары менен түнкү он жарымда ооруканага түшкөн. Алардын биринин мойнуна бычак сайылгандыктан аны Оштогу облустар аралык ооруканага жибердик. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып куткарылып калыптыр. Калган экөөнүн жарааттары өтө олуттуу болбогондуктан керектүү жардамдарды өзүбүз көрсөтүп жатабыз. Азыр булардын абалы жакшы. Буйруса баары жакшы болуп чыгат деп турабыз.

Далысынан жараат алган Манасбекти ооруканада атасы Асылбек Мамадалиев карап жатат. Уулу караңгы түндө ээн талаага кошуна айылдын окуучулары менен маселе чечүү үчүн барганын айыптабайт. Болгону милиция балдардын чатагына мыйзамдуу баа бериши керектигин айтат.

- "Манасбек бычак жептир" деп чоң балам кабарлады. Анан дароо ооруканага келдик. Дарыгерлер жакшы жардам беришти. Баламда айып жок деп ойлойм. Жакшы иш болгон жок. Милиция бул ишти тергеп атат. Милициялар эми мыйзамдуу тергейт деп турам. Баарына мыйзамдуу чара көрүлүш керек.

Окуя катталган күндүн эртеси райондук милиция чырдын чоо-жайын териштирүүгө киришкен. Калайман мушташтын катышуучусу катары Уйгур-Абад айылынан эки окуучу жана дагы 18-28 жаштардагы эки адам кармалган. Учурда окуучулардын чатагына улуулардын эмне үчүн аралашканы, улуу болуп туруп, мушташтын бычакташууга чейин жетишин эмне үчүн токтотуп кала албаганы боюнча сурак берип жатышат.

- Эки айылдын балдарынын мушташы боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүүлөр кармалды. Алардын үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат. Мушташтын кайсы катышуучусу кандай аракет жасагандыгы тергөөнүн жыйынтыгы менен аныкталат.

Буга чейин да көп улуттуу Араван районунда жаштар арасында достукту калыптандыруу үчүн футбол мелдеши уюштурулган болчу. Ал мелдештерде да жаштар достошкондун ордуна адеп мушташа беришкенден улам футбол өткөрүлбөй калган эле.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG